ISM

Resources

Contacts

АТАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ

2021-жылдын 12-мартында Эл аралык жогорку медициналык мектебинин профессор-окутуучулар курамы: м.и.д., проф. О.Ж.Узаков, м.и.д, проф. А.О.Атыканов, В.Я.Масалимов, Ж.К.Мукамбетова, Р.Ж.Зайыркулова, Жамийла Бектен,  Курванбек кызы Саадат,  А.Т.Алымкулов  болуп, Пакистан  Индия ѳлкѳлѳрүнѳн  келип окуп жаткан Дарылоо иши  факультетинин 5 курсунун студенттерин    «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси  менен тааныштырышып, эскерүү иш-чарасын  ѳткѳрүштү. Студенттер саясий репрессиянын  курмандыгы болгон адамдардын сөөгү коюлган жер жѳнүндѳ,  Чынгыз Айтматовдун эстелиги, 1916-жылкы Үркүн трагедиясынын 100 жылдык урматына салынган тарыхый комплекс жана 2010-жылкы  Апрель революциясында кѳз жумган мекендештерибиздин сѳѳгү коюлган жерлерди жакындан билишти. Куран окушту. Эстеликтерге   гүл коюшту.

Жыйынтыгында чет элдик студенттер  Кыргыз Республикасынын  «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси  жѳнүндѳ кенен түшүнүккѳ ээ болушту. Студенттерге Ч.Айтматов айтып кеткен: « Адамга күн сайын адам болуу кыйын»  сѳзүн  туу тутуу менен келечекте мыкты дарыгер болушун каалоо менен   иш сапар жыйынтыкталды.