ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Окуу-усулдук бѳлүм
Бѳлүмдүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыты - Эл аралык жогорку медициналык мектепте окуу процессин уюштуруу, мониторинг жүргүзүү жана билим берүү программаларын мыктылоо
 ЭАЖММ ОУБынын вазийпасы
Администрациянын, профессор-окутуучулар курамынын жана студенттердин кызматташуусу менен усулдук камсыздоону жана окуу процессин мыктылоо менен билим берүү технологияларын оптималдаштыруу.
 ЭАЖММ ОУБынын негизги милдеттери

  1. Окуу процессин билим берүү программаларынын нормативдери менен камсыздоо.
  2. Окуу процессин усулдук камсыздоо.
  3. Окуу процессин мыктылоо.
  4. Окуу процессин мерчемдѳѳ жана уюштуруу:
    1. Окуу пландарын оптималдаштыруу;
    2. Окуу процессинин графигин түзүү;
    3. Макулдашылган окуу планына ылайык дарстардын жана практикалык сабактардын жүгүртмѳсүн түзүү;
    4. Практиканы уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ;
    5. Аттестациялык иш-чаралардын арадагы жана жыйынтык жүгүртмѳсүн түзүү;
    6. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын иш жүзүнѳ ашырууну кѳзѳмѳлдѳѳ;
    7. Жаңы билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.