ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Билим берүүнүн сапаты бѳлүмү - бул университетте билим сапатын жогорулатуу, иштелмелерди жүзөгө ашыруу, маселелерди координациялоо максатында түзүлүп, негизги жогорку билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын бардык деңгээлдерин лицензиялоо жана аккредитациялоо жана университеттин тышкы отчеттуулугун жана анын академиялык рейтингге катышуусун камсыздоочу ЭАЖММынын түзүмдүк бөлүмү.

Бөлүмдүн функциялары:

  • Ресурстук камсыздоонун сапатына жана билим берүү процессинин педагогикалык компонентине байкоо жүргүзүүнү уюштуруу.
  • Эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана билим берүү процессин натыйжалуу уюштуруу үчүн отчетторду жана сунуштарды даярдоо.
  • Билим берүү процессине инновацияларды киргизүү (техникалык компоненттен окутуу усулдарына чейин).
  • Билим берүү чөйрөсүндө өнүгүү долбоорлорун иштеп чыгууну демилгелөө жана уюштуруу.
  • Тышкы баалоодон өтүү процессин уюштуруу (аккредитациялык кѳзѳмѳл, лицензиялык көзөмөл).

Бөлүмдүн негизги милдеттери:

  • Билим берүү муктаждыктарын канааттандыруу деңгээлин, билим берүү кызматтарынын сапатынын динамикасын, билим берүү процессин методикалык камсыздоонун натыйжалуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген университеттеги билим сапатынын абалына үзгүлтүксүз жана системалуу мониторинг жүргүзүү.
  • Билим берүүнүн сапатынын көрсөткүчтөрүнө жана процесстерине тутумдуу мониторинг жүргүзүү.
  • Жаңы ачылган билим берүү программаларын лицензиялоо процедурасын жүргүзүү жана иштеп жаткан билим берүү программаларын аккредитациялоо.
  • Мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана коомдун муктаждыктарына шайкеш келүүгѳ адистиктердин билим берүү программаларынын ( окуу пландар, окуу программалары, жыйынтык аттестациялоо программалар, тесттик тапшырмалар фонду) дал келүүсүнѳ анализ жүргүзүү.
  • Билим берүүнүн сапатын кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары менен кызматташууну өнүктүрүү, келечекте – консалтингдик кызматтарды көрсөтүү.
  • Окуу материалдык-техникалык базасын жана документтерин талаптарга жана стандарттарга ылайык өркүндөтүү боюнча менеджмент боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
  • Кадрлар менен иштөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
  • Инновациялык иш-аракет, билим берүүнүн сапат тутумунун заманбап моделин ишке ашыруу.
  • Университетте билим сапатын жогорулатуу көйгөйү боюнча башкаруучу чечимдердин колдонмолорун жана долбоорлорун иштеп чыгуу.
  • Билим берүү ишиндеги сапат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөргө консультация берүү.
  • Иш-аракеттердин натыйжалары жөнүндө жетекчиликке, кызматкерлерге, окутуучулар жамаатына, коомчулукка маалымат берүү.
  • Университеттин факультеттеринин жаңы билим берүү программаларын лицензиялоо үчүн документтерди даярдоону жана экспертизадан өткөрүүнү уюштурууга жана колдоого катышуу.
  • Маалыматтык-методикалык камсыздоо, түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин кѳзѳмѳлдѳѳ жана талдоо, ошондой эле ЖОЖдун жана жеке билим берүү программаларын аккредитациялоо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин талдоону координациялоо.
  • Кемчиликтерди четтетүү, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана шыктандыруу, материалдык базаны жакшыртуу, мекеменин менеджментин жана билим сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо.
  • Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жаатында башка ЖОЖдордун тажрыйбаларын изилдөө жана жалпылоо жана аны ЭАЖММда колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.