КЛИНИКАЛЫК АЛЛЕРГОЛОГИЯ ЖАНА ИММУНОЛОГИЯ (тандоо боюнча)
Азыркы иммунология жана аллергология боюнча программа жогорку медициналык окуу жайлар үчүн Мамлекеттик стандартынын жогорку профессионалдык билим берүү стандартынын жана Бүткүл дүйнѳлүк медициналык билим берүү федерациясынын, Индиянын медициналык кеңешинин, Пакистандык медициналык жана стоматологиялык кеңешинин талаптарын жана стандарттарын эске алуу менен түзүлгѳн. Окуу планы бирдей мазмунду талап кылуу менен студенттердин жалпысынан иммунология жана аллергология жаатындагы окутуу жана прфессионалдык компетенциялар дисциплиналарынын теориясын жана медициналык практикасын билүү деңгээли, күтүлгѳн жыйынтыктарга дал келиши каралат.
Программа келечектеги адистигине жана факультеттин профилине карабай, студенттердин милдеттүү билүүсү каралып, чоң айланадагы суроолордун негизинде шартталып, түзүлгѳн. Бул баарыдан мурда, иммунопатологиянын теоретикалык негиздери жана иммунопатологиялык жана аллергиялык реакциялар менен ооруган бейтаптарды алдын-алуу жана дарылоо болуп саналат.
Окуу планына ылайык жалпы медициналык факультеттин студенттерине иммунология жана аллергология курсу боюнча 9 саат кѳлѳмүндѳгү дарс окуу, 9 саат практикалык сабак жана 18 саат студенттердин ѳз алдынча иши (СИВ) каралган.
Жалпы түйшүгү: 1 кредит (36 саат)
Аудитордук сабактар: 18 саат
Студенттердин ѳз алдынча иши: 18 саат
Семестр: 9 саат
Жыйынтык текшерүү: зачет