ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ТАМАКТАНУУ ЖАНА ЖАШОО

Ысык-Көл кампусунун аймагында студенттер үчүн ашкана жайгашкан. Ашканада Индиялык ашпозчулар иштейт, алар Индиянын ар кандай тамактарын жасашат, бул студенттер үчүн  Индиянын улутук тамактарын татууга жагымдуу мүмкүнчүлүк түзөт. Ашкананын чарбалык ишин башкарууну Ысык-Көл кампусунун Индиялык өкүлү жүргүзүшөт. Ашкана студенттер үчүн абдан ыңгайлуулугу болуп башкы окуу имаратынын жана жатакананын жанында жайгашкан.

Ашканада студенттерге улуттук тагамдын түрлүү менюсу сунушталат, жана үч маал тамак берилет.

 ЭАЖММ Ысык-Көл кампусунда үч жатакана бар жана алардын бардыгы окуу корпустарынын жанында жайгашкан, эркек балдар менен кыздар эки бөлөк жатаканада жайгаштырылат.

 Атайын кызматкерлер жатаканалардын имараттарын тазалоо менен алектенишет. Ошондой эле, ар бир жатакананын ичинде студенттердин коопсуздугу үчүн жооптуу күзөтчү бар.

  Ар бир жатаканада дааратканалар,  душтар, ысык жана муздак суу менен камсыздалган. Мындан тышкары, эс алуу үчүн спорт залы жана бильярд бөлмөлөрү, ошондой эле сабака даярдануу үчүн өзүнчө бөлмөлөр бар. Бул шартардан тышкары, биздин студенттер Wi-Fiды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жатаканада тартипти жана эрежелерди  сактоо  максатында студенттерге жатакананын имаратына саат 22:00гө чейин кирүүгө уруксат берилет. 

Жатаканалардын жөнүндө жалпы маалымат:

Студенттерге эки, үч жана төрт орундуу бөлмөлөр сунушталат. Бул бөлмөлөр керебеттер, отургучтар, бир чоң стол, шкаф жана тумбочкалар менен жабдылган. Жатакана кызматкерлери жаздык, шейшеп, матрац жана жууркан менен камсыз кылышат. Ар бир бөлмөнүн чоң желдетүүчү терезеси бар.

Эскерте кетүүчү нерсе, ЭАЖММде бир нече типтеги турак жайлар бар, алардын айрымдарында, мисалы, студенттер кир жуугуч машиналарды колдонуп, өз алдынча кир жууй алышат, ал эми башка жерлерде кир кийимдерди чогултуу үчүн атайын кызматкерлер кызмат көрсөтүшөт. Бул студенттердин окуу үчүн колдоно турган убактысын үнөмдөйт. IHSM жатаканаларында тазалыкты жана гигиенаны сактоо үчүн кызматкерлер атайы кызматкерлер иш алып барышат. Бөлмөлөр дааратканалар жана жуунучу жайлар күн сайын жуугуч каражаттар менен тазаланат.