ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

САЛАМАТТЫК ЖАНА КООПСУЗДУК

Ар бир Эл аралык жогорку медициналык мектептин студенти сунушталган ар кандай ЭАЖММ программасына жазылуу үчүн жетиштүү медициналык тейлѳѳгѳ ээ болушу керек.

ЭАЖММ тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар студент окуган мезгилде көрсөтүлөт. Медициналык тейлѳѳлѳрдүн төлөмдөрү окуу акысына кошулат.

Медициналык кызматтар күтүүсүз ооруларды, кокустанууну ж.б. тез арада ооруканага жаткырууну жана медициналык кызматтарды камтыйт (анын ичинде дарыгердин клиникада амбулатордук дарылоосун).

Эгер сизге шашылыш, бирок эң жөнөкөй медициналык жардам керек болсо (медициналык консультация, артериалдык басым же температураны өлчөө, ийне саюу, дарыгердин сунушу боюнча тамчылатма ж.б.), медайым сизге кызмат кылууга даяр. 

Кѳнүл бурсаңыздар, медициналык камсыздандыруу Кыргызстандын аймагынан тышкары жакта жүргөн студенттерге берилбейт.

Өзүңүздү начар сезип, кооптуу абалда болсоңуз же жардамга муктаж болсоңуз, кайрылыңыз:

Тѳмѳнкү так маалыматты бериңиз: 

  • Кооптуу кырдаалдын даражасы.
  • Окуя болуп жаткан жер (так дареги).
  • Сиз менен байланышуучу телефондун номери.
  • Суралганга чейин телефонду койбоңуз - кошумча маалымат талап кылынышы мүмкүн.

Бардык маалыматтар кыргыз же орус тилинде берилиши милдеттүү.
 
ЭАЖММдын Индия ѳкүлдѳрү -

Сандхья Йеллампали +996 501 099 499

Өлкөбүздөгү ЭАЖММдын өкүлдөрү менен байланышуунун артыкчылыгы - сиз баардыгын өз эне тилиңизде жана диалектиңизде түшүндүрүп бере аласыз, ошондо алар сизге көйгөйүңүздү чечүүгө жардам берет.

Студенттер түздөн-түз байланышка чыга алышат:

Сагындык кызы Венера (декандын орун басары) +996 500 109 555;

ЭАЖММдын Ысык-Кѳл кампусунун студенттеринин кампустагы тынч жашоосу, коопсуздугу күнү-түнү «Патриот» жергиликтүү күзѳт агенттигинин кайтаруусунда.

Талант (күзѳт) +996 700 060 567

Болот (күзѳт) +996 707 013 932