ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Эл аралык кызматташтык борбору

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү
, Бишкек, 720054

Урумова Айзада Бекназаровна

ЭAКБнын директору

Сиздерге Эл аралык жогорку медицина мектебинен ысык салам жолдогонума абдан кубанычтамын. Белгилүү болгондой, ЭАЖММ - бул заманбап шарттарга жана дүйнөнүн ар тарабынан келген студенттердин ар түрдүү маданиятына ээ жаш мектеп. 2003-жылы негизделген, биздин жаш тарыхыбызда, бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү боюнча иштеп жаткан жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү жана квалификациялуу дарыгерлерди чыгарууда чоң ийгиликтерге жетиштик.

Маданий ар түрдүүлүктү илгерилетүү жана өсүп жаткан студенттердин санын жакшыраак башкаруу үчүн 2017-жылы Эл аралык кызматташтык борбору түзүлгөн, анын ишмердүүлүгү кызматтарды оптималдаштырууга, сапат маданиятын калыптандырууга багытталган. ЭАКБ  "университет - студент" принциби боюнча студенттик коомчулук менен ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү максималдуу жакшыртууга багытталган.

ЭАКБ ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери студентке багытталгандыкка, алынган маалыматтын купуялуулугуна, ишенимге негизделген кызматташууга, маселелерди чечүүдө объективдүүлүктү, маалыматты ыкчам берүүгө багытталган.

Биздин кызматкерлер жогорку квалификациялуу, боорукер жана зарыл учурда сизге жардам берүүгө даяр. Баарыңыздарга академиялык ишиңиздерге ийгилик каалайм!