PhD ДОКТОРАНТУРАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби 561000 «Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина» багыты боюнча PhD докторантурасына документтерди кабыл алууга ачык.
PhD докторантурага кабыл алуунун тартиби
- PhD докторантурага тапшырууга «магистр» же «адис» диплому менен тастыкталган, тиешелүү жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өтүүгө укуктуу;
- ЭАЖММдин PhD докторантурасына адамдарды кабыл алуу кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча конкурстук негизинде жүргүзүлөт;
- ЭАЖММдин PhD докторантурасына тапшыргандар кирүү сынактарын тапшырышат:
- англис тили боюнча;
- адистиги боюнча (Коомдук саламаттыкты сактоо);
- изилдөө темасын негиздөө үчүн маектешүүдөн өтүү;
- Кирүү сынактарына паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ болгон учурда уруксат жүргүзүлөт;
- Кирүү сынактарын кайра тапшырууга жол берилбейт;
- Докторантурада окуу мөөнөтү күндүзгү бөлүмдө үч жылдан кем эмес жүргүзүлөт;
- Окутуу контракттык негизинде жүргүзүлөт.
PhD докторантурага тапшыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
PhD докторантурага арыз берген талапкерлер ЭАЖММге төмөнкү документтерди тапшырат:
- ЭАЖММдин ректорунун атына арыз;
- «магистр» квалификациясы же адистиги, же «адис» багыты боюнча жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чет өлкөлүк окуу жайлары тарабынан берилген билим берүү жөнүндө документтердин деңгээлин жана мазмунун ырастоо жөнүндө маалымкат;
- Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчеси жекече көрсөтүлөт жана текшерилгенден кийин кайтарылып берилет;
- Чет өлкөлүк жарандар үчүн: тиешелүү визасы бар паспорт (көчүрмө);
- Болжолдонгон ата мекендик же чет өлкөлүк илимий кеңешчи менен макулдашылган пландаштырылган диссертациялык изилдөөнүн негиздемеси;
- Илимий жетекчинин илимий жетекчиликке жазуу жүзүндөгү макулдугу (эркин формада);
- Англис тили боюнча тест тапшыргандыгы тууралуу сертификаттын көчүрмөсү (бар болсо);
- Илимий жана илимий-усулдук иштердин тизмеси (бар болсо);
- 3.5х4.5см ѳлчѳмүндѳгү 6 сүрѳт;
- У-086 формасындагы медициналык маалымкат;
- Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча жана эмгек ишмердүүлүгүн тастыктаган документ (тажрыйбасы бар адамдар үчүн);
- ММК сертификатынын көчүрмөсү;
- Талапкерди PhD докторантура программага кирүүгө түрткү берген себептер, талапкердин узак мөөнөттүү карьералык максаттары жана ушул программа максаттарына жетүү үчүн кандайча жардам бере алары жөнүндө эссе.
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Тел: +996703609899
E-mail: postgraduate_office@ism.edu.kg | imanbaeva1983@inbox.ru