ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Баткен, биз сени менен!

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин администрациясы (IHSM) Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондордун жакындарына көңүл айтат.


Баткен районундагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу материалдык колдоо көрсөтүү максатында ЭАЖММнын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарына жардам катары которуу чечими кабыл алынды.

Ошол эле учурда ЭАЖММнын «Веданта» медициналык клиникасынын @vedanta.clinic травматологдору жана хирургдары Баткен облусуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетишти, ал эми ЭАЖММнын окутуучулары жабыркагандардын балдарына психологиялык жардам көрсөтүшөт. 


Биз биргелешип бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз.