ISM

ЭАЖММ

Байланыш

Эл аралык Жогорку Медициналык мектеби «Ата-Бейит» улуттук- тарыхый мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасын өткөрөт

Билим берүү жана илим министрлигинин 17.03.2023-ж. №1013/1 буйругун жана ЭАЖММде Кыргыз Республикасынын Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө боюнча кабыл алынган иш-чаралар планынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук-тарыхый мемориалдык комплексинде Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин эскерүү иш-чарасы ѳтөт. Эскерүү иш-чарасындагы баяндамалар кыргыз жана англис тилинде жүргүзүлөт.

МТБ башчысы Р.Ж.Зайыркулова, ККБ башчысы М.Н.Ярина, аспирантура секторунун башчысы Курванбек кызы Саадат “Ата-Бейит тарыхы”, “Кыргыз Республикасынын Конституциясы”, “Улуттук мыйзамдар системасында Конституциянын орду жана ролу”- деген темаларда дарс окушат.

Эскерүү иш-чарасына ЭАЖММнын Илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору м.и.д., профессор Узаков Орозали,  мамлекеттик тил бѳлүмүнүн башчысы Зайыркулова Рима, кызматкерлерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы Марина Ярина жана ЭАЖММда мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү боюнча жооптуу окутуучу-кызматкерлер жана студенттер катышат. 

Эскерүү иш-чарасында катышуучулар үлкөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине, 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына жана  2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалдарына гүл коюу менен маркумдарга багышталып куран окулат.