ISM

ЭАЖММ

Байланыш

Студенттердин сыйлыгы

21-февраль - Эл аралык эне тил күнүндѳ Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин студенттери: Венката Начикетан, Имран Даниал, Фаиз, Харшвардхан, Акаш Джайн, Пратик, Варша Ядав, Шитлеш, Пранав Пандия А.Осмонов атындагы фонддун Ардак грамоталары менен сыйланышты..
 Эскерте кетсек, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана А.Осмонов атындагы коомдук фонду уюштурган «Алыкулду окуйбуз» эл аралык кароо-сынакта Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин студенттери: Венката Начикетан,  Варша Ядав А.Осмоновдун портреттерин тартышты. Имран Даниал акындын «Сулууга» ырын урду тилине которуп, кѳркѳм окуп берди. Шитлеш акынга англис тилинде ыр арнап, кѳркѳм окуду. Фаиз – «Аккан суу», Харшвардхан, Акаш Джайн - "Ата Журтум", Пратик - «Отуз жаш», Пранав Пандия - «Ата журт» ырларын кѳркѳм окуп беришти.
Кароо-сынактын жюри мүчѳлѳрү медицина тармагында окуп жаткан чет элдик студенттердин таланттарына жогорку бааларды  беришти.
 Сыйлыктар кут болсун!