ISM

ЭАЖММ

Байланыш

"Тил коргоого эмес, колдонулууга муктаж"

Билим берүү жана илим министрлигинин 24-февралда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда Эне тил күнүнө карата жарыяланган айлыкты жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чарасы өттү.

Салтанаттуу иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, КР Президентинин Администрациясынын  изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу болүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун президенти Раимжан Курбанов, коомдук уюм жана фонддордун, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер жана окуучулар катышты.
 
Президентинин Администрациясынын  изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу болүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев “Тил аркылуу маданиятыбыз, салтыбыз, тарыхыбыз атадан балага, энеден кызга өтүп отурат. Биздин жүрүм-турумубуз, адеп-ахлагыбыз тил менен калыптанат. Тилди сүйлөп коюу менен гана ага пайда келтире албайбыз. Биз канчалык тилибизди колдонсок, сүйсөк, сүйлөсөк ошондо гана тилибиз өнүгөт. Тил коргоого эмес, колдонулууга муктаж”, - деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин студенти Абибша Сагар Тургуналы Нурматовдун «Кыргызымдын жигиттери» ырын аткарып берди.