Илимий конференциялар
ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

  • Аспиранттардын диссертациялык иштеринин темалары, илимий жетекчилери жана жеке окуу пландары ЖОЖдун илимий (илимий-техникалык) кеңешинин жана илимий уюму менен катар окуу башталган 3 айдын ичинде жетекчинин буйругу жол-жоболонушу менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү бекиткен Кыргыз Республикасынын илимдерин ѳнүктүрүүдѳгү артыкчылык багытындагы изилдѳѳ тизмесине ылайык, артыкчылыктуу изилдѳѳдѳгү диссертациялык темалар тандалып алынуу каралат.
  • Илимий уюмдардын аспирантура (адъюнктуралар) жана докторантура бѳлүмдѳрү жана ЖОЖдор жыл сайын илимий (илимий-техникалык) кеңештин бекиткен кандидаттык диссертациялык изилдѳѳлѳрдүн темасын электрондук форматта Жогорку аттестациялык комисссияга (ЖАК) андан ары ЖАК диссертациялык ишинин тизмесине темаларды киргизүү үчүн жѳнѳтѳт.
  • Аспиранттардын илимий жетекечилигине адистиги ылайыктуу же тектеш илимдин докторлору бекитилет. ЖОЖдун илимий (илимий-техникалык) кеңештин же илимий уюмдун чечими менен аспиранттарга илимий жетекчиликке адистиги туура келген илимдин кандидаттары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Окумуштуулук даражаларды берүү тартибинин Жобосунун 2012-жылдын 22-августундагы №578 токтомуна ылайык тартыла алышат.
  • Бир убакытта бир илимий жетекчиге бекитилген аспиранттардын жалпы саны (изденүүчүлѳр) 5 адамдан ашпашы керек.
  • Эки адистиктин катнашындагы илимий изилдѳѳлѳрдү аткарган аспиранттарга эки илимий жетекчинин жетекчилиги астында иштѳѳгѳ уруксат берилет.
  • Илимий жетекчилер аспиранттардын бекитилген жеке окуу планын аткаруусун кѳзѳмѳлгѳ алат.
  • Аспирант жыл сайын кафедрага отчет (отдел, сектор, лабораторияга) берет. Аспиранттардын отчеттору окуу учурунда сакталат жана диссертациялык иш менен берилет. Аспирант, жеке окуу планын мерчемделген мѳѳнѳтүндѳ аткарбаса, илимий уюмдун же ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен Аспирантурадан чыгарылат.
  • Аспиранттар тандап алган темасы боюнча илимий изилдѳѳлѳрүн ЖОЖдун же илимий уюмдун илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлериндей эле жабдыктар, лабораториялар, кабинеттер, китепканаларды жана иш сапарына, ошондой эле чет ѳлкѳлүк окууга жана илимий борборлорго, экспедицияларга ж.б. чыгууга жана пайдаланууга акылуу.
  • Аспиранттарды даярдоо программасына кандидаттык минимумдарды тапшыруу дисциплиналарынан сырткары «Педагогикалык чеберчилик мектептери» жана «Илимий изилдѳѳлѳрдүн методологиясы жана методу» дисциплиналары каралган. Аспирантураны бүтүү менен илимий чѳйрѳдѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен, талапка ылайык, ѳздѳштүрүлгѳн дисциплиналардын тизмеси, алган баалары, сааттардын кѳлѳмү, бирдей үлгүдѳгү ички барагы менен тизмектелген сертификаттар берилет.
  • Күндүзгү бѳлүмдѳ окуган аспиранттар жеке план аткаруу каралган шарттагы акы тѳлѳнгѳн илимий, педагогикалык иштерди аткарууга акылуу.
  • Илимий жетекчилердин акы тѳлѳмү, 2 илимий жетекчи бекитилүү мүмкүндүгү менен бир жылга бир аспирантка 50 саат кѳлѳмүндѳ каралуу менен тѳлѳнѳт.