load

Даярдоо курстары

ЭАЖММ "Дарылоо иши" программасынын 1-курсуна тапшырардан мурун каалоочуларга билимин толук өздөштүрүү үчүн даярдык курстарынан өтүүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Даярдоо курстары ЭАЖММынын чет элдик студенттеринин билимин өркүндөтүүгө багытталган, бул улуттук билим берүү программасынын алкагында алынган жалпы билим берүү талаптарына жооп берет.

 

ЭАЖММынын 18 жылдык тарыхы жана чет ѳлкѳлүк рынок үчүн медициналык адистерди даярдоодо мыкты тажрыйбасы бар. Үч айлык курстар акыркы он жылдагы медициналык билим берүү тажрыйбасын жана чет өлкөлүк студенттер менен иштөөнү эске алуу менен түзүлгѳн. ЭАЖММ эл аралык медициналык стандарттарга ылайык сапаттуу билим алуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат.

 

Даярдоо курстары 9 жумада 4 багытты камтыйт:

1) Англис тили чет тили катары, 3 жумалык интенсивдүү курс;

2) Биология;

3) Химия;

4) Жогорку математика курсу менен физика.

 

Окуу планына ылайык, студенттердин жетишкендиктерин көзөмөлдөө үчүн аудитордук зачеттордун жана сынактардын ийкемдүү тутуму бар. 3 айлык курстарды аяктагандан кийин студенттер ЭАЖММ сертификатын алышат жана "Дарылоо иши" программасынын 1-курсуна кабыл алынат.