Илимий конференциялар
ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Кыргыз Республикасына кош келиңиздер! Эл аралык жогорку медицина мектебине кабыл алынышыңыз менен куттуктайбыз! Биздин сайттан визалардын түрлөрү, категориялары, мөөнөттөрү жана виза алуу же жаңыртуу тартиби жана каттоосу жөнүндө бардык керектүү маалыматтарды таба аласыз.

Эгерде сиз учурда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта жүрсөңүз же студенттик виза статусу боюнча Кыргыз Республикасында болсоңуз, анда Эл аралык кызматташтык борборуна кайрылыңыз (Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсү 1Ф, борбордук кампус кеңсеси). Ошондой эле кошумча кеңеш алуу үчүн: icc@ism.edu.kg электрондук почта дареги менен байланышыңыз же +996 702237090 (Whats App) телефону аркылуу кайрылыңыз.

Кыргызстанга кирүү визасына ээ болгон студенттер же чет элдик кызматкерлер чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу секторуна (ism.bonafide@gmail.com) же өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен байланышса болот.

ВИЗАЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

  • Бир жолу кирүү визасы 1 айдан 12 айга чейин;
  • Көп жолу кирүү визасы 1 айдан 12 айга чейин;
  • Чыгуу визасы 10 күнгө чейин;

 

Көңүл буруңуз:
Паспорттун жарактуулук мөөнөтүнө; Келишимдин иштөө мөөнөтүнө.

ВИЗАНЫ ОФЛАЙН КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ

Төмөндө талап кылынган документтердин тизмеси келтирилген:

1. Паспорт (9 айдан кем эмес жарактуу);

2. Виза алуу үчүн анкеталарды толтуруу зарыл:

- визанын анкетасы;

- каттоо анкетасы.

3. Визанын 1 көчүрмөсү (өзүңүзгө визанын көчүрмөсүн жасаңыз, себеби жаңысын жасоо үчүн көчүрмөсүн тапшырсаңыз, эски виза кайтарылбайт)

4. Ак фондо жана ак түстө айкалышпаган ак түстөгү эмес кийимде 3х4 см өлчөмүндөгү 2 сүрөт;

5. Келишимдин 1 көчүрмөсү (ЭАЖММ менен студенттин ортосундагы келишим). Келишимиңиздин мөөнөтүн текшериңиз! Виза келишим түзүлгөн күнгө ылайык узартылат;

6. Окуу акысы төлөнгөндүгү жөнүндө маалымкат (Educational Advisor студенттери үчүн);

7. Жашаган жери жөнүндө арыз:

1) Эгерде сиз ЭАЖММнын жатаканасында жашасаңыз – төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

  • Жашагандыгы тууралуу жатакананын башкаруучусунан маалымкат (Educational Advisor студенттери үчүн).

2) Эгерде сиз ижарага алынган батирде/үйдө турсаңыз (ижарага алсаңыз; досторуңузда же туугандарыңызда жашасаңыз) – бул батирдин ээси сизди батирдин дареги боюнча каттоого (регистрацияга) коюуга милдеттүү! Батирге кирүүнүн алдында, ижара келишимине кол коюудан жана ижара акысын төлөөдөн мурун, батирдин ээсинен ал сизди батирдин дареги боюнча убактылуу каттоого тургузууга даярбы же жокпу жана бардык керектүү документтери бар-жогун текшериңиз. Батирдин ээси менен документтердин толуктугун алдын ала тастыктаныз, алар төмөнкүлөр:

1. Жашаган жери боюнча убактылуу каттоого менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу;

2. Батирдин/үйдүн техникалык паспортунун мукабасынын көчүрмөсү;

3.Батирдин/үйдүн ээсинин паспортунун көчүрмөсү.

 Билүү маанилүү: эгер Сиз ижаранын дареги менен катталган болсоңуз, бирок ал жерде жашабасаңыз-бул мыйзам бузуу!

 

ОНЛАЙН ВИЗА АЛУУГА КАНТИП КАЙРЫЛУУГА БОЛОТ

Төмөндө талап кылынган документтердин тизмеси келтирилген:

Сураныч, түстүү, туура сканерленген документтерди JPEG форматында, visa.documents@ism.edu.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү суранабыз.

  • Толтурулган анкета (надо добавить ссылки для прикрепления формы) (аны толтургандан кийин ѳтүнмѳ катары басып чыгарууга жана сканерлөөгө же анкетага басууга болот);
  • Паспорт (9 айдан кем эмес жарактуу);
  • Учурдагы визанын сканы;
  • Сүрөт ак фондо жана ак түстө айкалышпаган ак түстөгү эмес кийимде болушу керек; (көлөмү 60 кб ашык болушу керек);
  • Келишимдин сканы (ЭАЖММ менен студенттин ортосундагы келишим). Келишимиңиздин мөөнөтүн текшериңиз! Виза келишим түзүлгөн күнгө ылайык узартылат;
  • Төлөө жөнүндө квитанция. 

 

ЭЛЕКТРОНДУК КИРҮҮ ВИЗАСЫНА КАНТИП ӨТҮНҮШ КЕРЕК

Сиздин өлкөңүздүн расмий өкүлүнө чакыруу каты, жарактуу паспорт жана сүрөт менен камсыз кылуу керек. Сураныч, түстүү, туура сканерленген документтерди JPEG форматында жөнөтүңүз:

 

1. Паспорт (бир жылдан кем эмес жарактуу);

2. Сүрөт ак фондо жана ак фон менен айкалышпаган ак түстөгү эмес кийимде болушу керек; (көлөмү 60 кб ашык болушу керек).

БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ!

Виза алуу үчүн документтерге коюлган талаптарды так сактоо (фотосүрөттөрдүн көлөмү жана сапаты, анкетаны туура жана окула тургандай толтуруу, окуу акысын төлөө) сиздин виза боюнча кайрылууну оң жана өз убагында кароого өбөлгө түзөт.

Кененирээк

УБАКЫТ

Визаны узартуу үчүн, учурдагы визаңыздын мөөнөтү аяктаганга чейин 30 күндөн кечиктирбестен кайрылышыңыз керек.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА КЕЛҮҮ

Кыргыз Республикасына кош келиңиздер!
Кыргыз Республикасына киргенде төмөнкүлөрдү текшерүү керек:

  1. Чек ара кызматкери сиздин паспортуңузга конкреттүү датага (мисалы: S, W, FF) визасы менен келгендигиңизди белгилеген штамп басуусун тактаңыз.
  2. Электрондук виза баракчасын басып чыгарыңыз же электрондук көчүрмөсүн телефонуңузга сактап коюңуз, анткени бул башка максаттар үчүн керек болот.

ЭАЖММНЫН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРИН, КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЖАНА КОНОКТОРУН КАТТОО ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалынын жана аларды каттоонун маселелери төмөнкү негизги мыйзамдар жана нормативдүү актылар менен жөнгө салынат:

  • Кыргыз Республикасынын 17-июль 2000-жылынын "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтому (редакциядагы өзгөрүүлөр менен КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449токтому);
  • Миграция чөйрөсүндөгү башка мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын техникалык жана административдик регламенттери.

Каттоонун белгиленген эрежелерин сактабоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ЭАЖММнин ички тартибинин эрежелерин бузуу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик кодексине ылайык айып салуу түрүндөгү тартиптик жана административдик жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн. Каттоо маселелерине көңүл бурууңуздарды суранабыз!

БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ! Мыйзамга ылайык, бардык чет өлкөлүк жарандар так жашаган дареги боюнча каттоого коюлушу керек!

Кыргыз Республикасына келгениңизде, Эл аралык кызматташтык борборуна өлкөгө кирген күндөн тартып (жарандын өлкөсүнө жараша) 5 күн (Пакистан жарандары үчүн) же 30 (Индия жарандары үчүн) күндүн ичинде каттоодон өткөрүшүңүз керек, антпесе сизден ЖАЗАПУЛ талап кылынат. Келүүңүздү каттоодон өткөрүү үчүн төмөнкү документтерди көрсөтүшүңүз керек:

1) Эгерде сиз ЭАЖММнын жатаканасында жашасаңыз – төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

  • Жашагандыгы тууралуу жатакананын башкаруучусунан маалымкат маалымкат (Educational Advisor студенттери үчүн).

2) Эгерде сиз ижарага алынган батирде/үйдө турсаңыз (ижарага алсаңыз; досторуңузда же туугандарыңызда жашасаңыз) – бул батирдин ээси сизди батирдин дареги боюнча каттоого (регистрацияга) коюуга милдеттүү! Батирге кирүүнүн алдында, ижара келишимине кол коюудан жана ижара акысын төлөөдөн мурун, батирдин ээсинен ал сизди батирдин дареги боюнча убактылуу каттоого тургузууга даярбы же жокпу жана бардык керектүү документтери бар-жогун текшериңиз. Батирдин ээси менен документтердин толуктугун алдын ала тастыктаныз, алар төмөнкүлөр:1. Жашаган жери боюнча убактылуу каттоого менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу;

2. Батирдин/үйдүн техникалык паспортунун мукабасынын көчүрмөсү;

3.Батирдин/үйдүн ээсинин паспортунун көчүрмөсү.

ЭАКБга катталуу үчүн паспортуңузду жана виза документтериңизди алып келиңиз. Эгерде Cиз Кыргыз Республикасына сизди коштоп келген FF багуусундагы адамдар менен келген болсоңуз, анда алардын да виза документтерин жана паспортторун тапшырыңыз. ЭАКБ кызматкерлери иммиграцияга байланыштуу маанилүү маалыматтарды беришет жана сизди кызыктырган суроолорго жооп беришет.

БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ: эгер Cиз даректе катталсаңыз, бирок ал жерде жашабасаңыз - бул мыйзамды бузуу!

БАЙЛАНЫШУУ

Каттоонун бардык маселелери боюнча чет өлкөлүк студенттер, ЭАЖММ кызматкерлери жана коноктору почта аркылуу эл аралык кызматташтык борборунун адистерине консультация алуу үчүн кайрыла алышат icc@ism.edu.kg, же телефон аркылуу: +996 702 237090 (WA) же Интергельпо көч., 1Ф дареги боюнча офисте.