Даярдоо курстары ЭАЖММынын борбордук кампусунда төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлѳт:
АНГЛИС ТИЛИ
Медициналык университетте англис тилин окутуунун максаттары жана милдеттери - кесиптик өз ара аракеттенүүгѳ ылайык коммуникативдик компетенттүүлүктү калыптандыруу.
Англис тили - англис тилин билүү деңгээли орто мектептен баштап, колледж деңгээлине чейин ар түрдүүлүктѳгү жана англис тилин чыныгы жашоодо жакшыраак түшүнүүнү жана жигердүү колдонуунуга, карьералык өсүш аракеттери ийгиликтүү болушу үчүн арналган.
Жогорку математика курсу менен ФИЗИКА
Физика жана жогорку математика курстары математиканын жана физиканын тармактарын жеткиликтүү деңгээлде үйрѳнүүгѳ жана теориялык билимге басым жасоо менен ар кандай маселелерди чечүүгө арналган.
Предмет студенттердин фактыларды жана баалоолорду айырмалай билүү жөндөмүн өрчүтүүгө, дүйнөнүн табигый-илимий сүрөтүн түзүүдө физиканын ролу жөнүндө ар тараптуу түшүнүккө ээ болууга жана жашоодо физиканын негизги мыйзамдары жана алардын практикалык колдонулушу жөнүндө көбүрөөк билүүгө багытталган.
БИОЛОГИЯ
Биология курсу студенттердин тирүү системалардын, негизги биологиялык мыйзамдар менен процесстердин, ошондой эле адамдын жашоо тутумдарынын өз ара байланышы жөнүндө теориялык билимин өркүндөтүүгө багытталган. Фундаменталдык системаларды жана адамдын жашоосун изилдөө ар кандай шарттарда адамдын ден-соолугун сактоо үчүн зарыл болгон медициналык билимдин жана тажрыйбанын негизи катары кызмат кылат.
Программа ошондой эле студенттерди адамдын ден-соолугун туура кабыл алууга жана ага көз чаптырууга, жаратылышты коргоого, экологиялык кризистен чыгууга жана жер бетиндеги жашоону сактап калуу үчүн дарыгердин активдүү позициясын өркүндөтүүгө багытталган.
ХИМИЯ
Химия курсу студенттердин кийинки адистештирилген сабактар боюнча билимин өркүндөтүүгө жана биохимия, фармакология жаатында жана медицинада колдонулган көптөгөн физикалык-химиялык изилдөө методдору боюнча ар тараптуу билим берүү максатында иштелип чыккан.
Химия курсу үч бөлүктөн турат: жалпы химия жана курстун теориялык негиздери, органикалык эмес химия. Химиялык элементтердин жана алардын бирикмелеринин касиеттери жана органикалык химия.
Келечектеги дарыгерлерге бейтаптардын ден-соолугуна зыяндуу жана коркунучтуу факторлордун терс таасирин алдын алуу үчүн органикалык, биологиялык, фармацевтикалык химия жаатындагы билимдер керек.