ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

STUDENT ACTIVITIES

ЭAЖММ Ыссык-Көл кампусуна студенттер ар кайсы ѳлкѳлѳрдѳн ѳзүнчѳ маданияттары, каада-салттары жана жашоо ѳзгѳчѳлүктѳрү менен келишет. Жетекчиликтин жана студентердин негизги максаты – жаңы жашоо шартына ыңгайлашуусуна жардам берүү. Кээде жѳнѳкѳй кийим, тамак-аш сатып алуучу жерлер кадимки студенттер үчүн абдан эле ыңгайсыздык кѳйгѳйлѳрүнѳн болуп чыгат. Биз студентерибизди студенттик жатакана менен камсыздайбыз.

ЭAЖММ Ысык-Көл кампусунун жатаканасы – жашоо үчүн жана идеялар, билимдерди алмашуучу уникалдуу жер. Аларда негизинен Индиядан келген студенттер жашашат. Жатакананын жанында улуттук ашкана жайгашкан. Мындан сырткары жатаканаларды ЭAЖММ Ысык-Көл кампусунун окутуучулары жана Индиялык кураторлор кѳзѳмѳлдѳшүп, башка улуттар арасында ыңгайлашууга жардам беришип, алардын физикалык жана психикалык саламаттыгын сактоого жардам беришет. 

Биздин студенттер үчүн жыл сайын медициналык кароодон ѳтүшѳт жана квалификациялуу медициналык жардам алуу каралган. Биздин студенттер ар тараптуу ѳнүккѳн инсандардан болушу үчүн бир гана жатакана, медициналык тейлѳѳ менен гана камсыздалбастан, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларда ѳзүлѳрүн кѳрсѳтүүсүнѳ биз аракеттенебиз. Алардын кызыгууларына жараша кружокторду уюштурууга, бийге катышууга, крикет, футбол, волейбол жана шахмат боюнча спорттук секцияларга катышууга жана буга чейин түзүлгѳн «Student Council ISM Issk-Kul» студенттик уюмдарына мүчѳ болуп кирүү мүмкүнчүлүктѳрү каралган.

«Student Council ISM Issk-Kul» (ЭAЖММ Ысык-Көл студенттик кеңеш) ЭAЖММ Ысык-Көл кампусунун студенттери тарабынан тандалып алынган, студенттердин ѳзүн-ѳзү башкаруусундагы аткаруу органы болуу менен университеттин жетекчилигиндеги башкы жана негизги студенттердин ѳкүлү болуп саналат. Студенттик кеңештин башкы максаты - студенттердин укугун коргоо жана аныктоо, студенттик коомчулуктун жыргалчылыгын камсыздоо, ЭAЖММ Ысык-Көл кампусунун жалпы башкаруусунда студенттерди катыштыруу, административдик, академиялык кызыкчылыктарын кѳрсѳтүү жана сабактан сырткары багыттарда сунуштарын коргоо болуп саналат.

ЭAЖММ Ысык-Көл кампусунун  студенттеринин ар тараптуу студенттик жашоолору билим алуу мүмкүнчүлүктѳрүн гана кеңейтпестен, жигердүү жашоо позициясын кармоону, чыгармачыл жѳндѳмдүүлүгүн ѳнүктүрүүгѳ, ѳзүн-ѳзү жетилтүүгѳ, жашоонунун ар кыл боёкторун кѳрүүгѳ мүмкүнчүлүктѳрдү ачат.