ISM

МВШМ

Учебная часть

Ресурсы

Контакты

“Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда” аттуу эл аралык фестиваль ОшМУда

Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жѳнүндѳгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына арналып, Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган II республикалык «Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестиваль өттү.

Бул фестивалды жыл сайын уюштуруу демилгеси 2021-жылы Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияна сунушталып, биринчи жолу чет өлкөлүк студенттер окуган жогорку окуу жайларында өткөрүлгөн.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты Салтанат Абдылдаева, жогорку окуу жайлардын ректорлору, мамлекеттик тил боюнча проректорлору менен катар Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинен илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Орозали Узаков, 5-курс боюнча декандын орун басары Жипара Мукамбетова, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Рима Зайыркулова, Ысык-Көл кампусунун гуманитардык сабактар кафедрасынын кыргыз тили окутуучусу Бурул Жумабекова, ЭАЖММнын “Сэнсейшн” тобунан түзүлгөн команда, Ысык-Көл кампусунун студенттери катышты.

Фестивалда өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттерден куралган 8 команда катышып, өзү окуган окуу жайды чыгармачылык менен  тааныштырып, кыргыз ырларын чеберчилик менен аткарышып, улуттук бийлерин бийлешти.

Жыйынтыгында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин студенттери 1-орунду багындырышып, диплом, 50 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

«Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестивалдын авторлорунун бири болгон ЭАЖММнын ИИжМТ боюнча проректору Орозали Узаков  өтмө кубокту  ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен бирдикте К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине тапшырды.
Иш-чара мамлекеттик тилди жайылтуу, улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында уюштурулган.