ПАМЯТЬ ГЕРОЯМ
2021-жылдын 12-мартында Эл аралык жогорку медициналык мектебинин профессор-окутуучулар курамы: м.и.д., проф. О.Ж.Узаков, м.и.д, проф. А.О.Атыканов, В.Я.Масалимов, Ж.К.Мукамбетова, Р.Ж.Зайыркулова, Жамийла Бектен, Курванбек кызы Саадат, А.Т.Алымкулов болуп, Пакистан Индия ѳлкѳлѳрүнѳн келип окуп жаткан Дарылоо иши факультетинин 5 курсунун студенттерин «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси менен тааныштырышып, эскерүү иш-чарасын ѳткѳрүштү. Студенттер саясий репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын сөөгү коюлган жер жѳнүндѳ, Чынгыз Айтматовдун эстелиги, 1916-жылкы Үркүн трагедиясынын 100 жылдык урматына салынган тарыхый комплекс жана 2010-жылкы Апрель революциясында кѳз жумган мекендештерибиздин сѳѳгү коюлган жерлерди жакындан билишти. Куран окушту. Эстеликтерге гүл коюшту.
Жыйынтыгында чет элдик студенттер Кыргыз Республикасынын «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жѳнүндѳ кенен түшүнүккѳ ээ болушту. Студенттерге Ч.Айтматов айтып кеткен: « Адамга күн сайын адам болуу кыйын» сѳзүн туу тутуу менен келечекте мыкты дарыгер болушун каалоо менен иш сапар жыйынтыкталды.