ISM

МВШМ

Учебная часть

Ресурсы

Контакты

Илимий иштер жана мамлекеттик тил проректору О.Ж. Узаковдун куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!
Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз.

Мындан туура 34 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Ал кезде бул кадамга баруунун өзү чоң эрктүүлүктү талап кылган. Эне тилибиздин «мамлекеттик тил» деп жарыяланышы элибиздин чоң жетишкендиктеринин бири болду.

Мыйзам кабыл алынган күндөн бери мамлекеттик тилге кызыгуу артып, бала бакчаларда, мектептерде, мамлекеттик органдарда кыргыз тили кеңири колдонулуп, эне тилибиз адеп-ахлактын, билимдин тилине айланды.

Кыргыз тилинде билим алып, кыргыз мектептерде окугандар көбөйдү. Кыргыз Республикасына убактылуу келип, жашап жана иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар жана ыктыярчылар кыргыз тилин үйрөнүшүүдө.

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби бул орчундуу маселеге өзгөчө көңүл бөлүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган  программалар иштелип, аткарылууда.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө карата кадамдардын арышы жайылды.

Аларды ырааттуу ишке ашыруу үчүн, ар бирибиз кыргыз тилинде сүйлөөгө, аны коомдогу ордунун бекемделишине көмөк көрсөтүүгө милдеттүүбүз.
Кыргыз мамлекеттик тили катары бааланган кыргыз тилибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болушуна тилектешмин!  

Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!