ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ЭАЖММнын Клиникалык симуляциялык борбору

Клиникалык симуляциялык борбору университеттин структуралык түзүмдүк бѳлүмү болуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик медициналык билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлѳт.

 

Клиникалык симуляциялык борборунун түзүүнүн башкы максаты реалдуу клиникалык кырдаалды элестеткен жана виртуалдык тренажерлерду имитациялап окутуу учурунда заманбап каражаттарды колдонуу менен студенттердин профессионалдуу даярдоонун сапатын кѳтѳрүү, медициналык кѳндүмдѳрүн жакшыртуу жана ѳнүктүрүү.

 

Клиникалык симуляциялык борборунун негизги милдеттери болуп:

- окуу процесссине инновациялык жогорку технологиялык окуу модулдарын (симулятор-фантомдор, виртуалдык тренажерлор, имитациялык окутуу каражаттары) ошондой эле симуляциялык окутуунун практикалык усулдарын киргизүү;

- жогорку жана ЖОЖдон кийинки профессионалдык билим алуу адистиги боюнча бекитилген программага ылайык фантомдорду, тренажерлорду, имитациялык окутуунун каражаттарын колдонуу менен практикалык профессионалдык кѳндүмдѳрдү жогорку деңгээлде камсыздоо;

- ЭАЖММынын студенттеринин практикалык даярдоо сапатын кѳтѳрүү, кескин кырдаалдарда ѳзүлѳрүнүн билимдерин практикалык кѳндүмдѳрүн колдоно билген, компотенттүү студенттерди даярдоо;

- кырдаалдык тапшырмаларды аткарууда жана практикалык экзамендерди ѳткѳрүү негизинде пратикалык компетенттүүлүктү, сапатты түзүү жана майнаптуу кѳзѳмѳлдѳѳ;

- практикалык профессионалдык кѳндүмдѳрдү окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн мыкты медициналык ЖОЖдордун практикаларын үйрѳнүү жана киргизүү;

- жогорку медициналык билим берүүнү билим берүүнүн стандарттарына ылайык студенттердин профессионалдык билимин жана ѳздѳштүрүүсүн ѳнүктүүгѳ багытталган окуу-изилдѳѳ усулдук иштерди киргизүү;

Борбордун билим берүү жабдыктарына: манекендер, симуляциялык моделдер, медициналык тренажерлор кирет. ЭАЖММынын иштеп жаткан билим берүү программаларындагы имитациялык окутуу курсу киргизилген бардык клиникалык бѳлүмдѳрүн бул жабдыктар менен клиника камсыздайт.

Практикалык сабактар: «медициналык тез жардам», «медайым иши», «педиатрия», «анестезиология жана реанимация», «хирургия», «акушерлик жана гинекология» багытында жүргүзүлѳт.

 

Ишмердүүлүктѳгү негизги багыттар:

- практикалык кѳндүмдѳрүн жогорулатуу жана студенттердин негизги практикалык кѳндумдѳрдү билишине жана ээ болушуна керектүү шарттар менен камсыздоо;

- кыска мѳѳнѳттүү окуу-практикалык курстарды жана квалификациясын жогорулатуунун тематикалык циклдерин ѳткѳрүү жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүүнүн тутумуна катышуу;

 

Ѳнүгүүнүн артыкчылыктары:

- ЭАЖММынын студенттерине, башка ЖОЖдордун студентерине билим берүү ишмердүүлүгүнүн кызыктыргычтык жана майнаптуулугун (курстар, мастер-класстар, олипиадалар) жогорулатуу;

- симуляциялык окутуунун усулдарын жакшыртуу жана тажрыйба алмашуу максатында россиялык жана чет ѳлкѳлүк коллегалар менен ѳз ара кызматташуу.