Илимий конференциялар
ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ЭАЖММынын ар бир студенти медициналык камсыздандырууга ээ болушу керек. Медициналык камсыздандыруу студенттин ЭАЖММда окуган учурунда берилет. Медициналык камсыздандыруунун акысы окуу акысынын тѳлѳмүнѳ кошулат. Медициналык камсыздандыруу студент ооруп калганда же жаракат алган учурда шашылыш госпиталга жаткыруу жана медициналык тейлѳѳнүн (клиникадагы амбулатордук дарылоону кошуу менен) чыгымдарын жабат.

Шашылыш жардам же жѳнѳкѳй медициналык жардам кѳрсѳтүү (медициналык кеңеш, артериалдык кан басымын же температурасын ченѳѳ, инъекция, дарыгердин сунушу менен капельница ж.б.) үчүн ЭАЖММда медайым иш алып барат.

Белгилей кетүүчү нерсе, медициналык камсыздандыруу Кыргызстандын чегинен чыгып кеткен студенттерге берилбейт.

Ѳтѳ шашылыш кырдаалдарда байланышуу номерлери:
Шашылыш кызматтар – 112

Бул кызматтарга кайрылганда тѳмѳнкү мүнѳздѳгү так маалыматтарды бериңиздер:

- Шашылыш кырдаалдын себебин жана мүнѳзүн.
- Так ордун.
- Телефон номерин: сиз менен байланышуу мүмкүн болгон номерди.
- Шашылыш кызматтын уруксатын алмайынча трубканы таштабаңыз – аларга кошумча маалыматтар керек болушу мүмкүн.

Бардык маалыматтар мамлекеттик тилде, кыргыз тилинде же расмий тил, орус тилинде берилиши милдеттүү!!!
Студенттерге кеңешибиз, шашылыш кырдаал учурунда жогорудагы аталган ЭАЖММынын ѳкүлчүлүктѳрүнѳ эне тилиңиздерде кайрылып, болуп жаткан кырдаал жѳнүндѳ түшүндүрүп, ыкчам жардам ала аласыздар.

Ошондой эле студенттер Анаркул мырза менен байланышсаңыздар болот (ЭАЖММынын коопсуздук боюнча декандын орун басары): +996 779 922 050