ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Билим берүү сапатын башкаруу бѳлүмү

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү
, Бишкек, 720054

Усубалиева Алтынай Азизбековна

Бөлүмдүн башчысы

ЭАЖММнын билим сапатын башкаруу бөлүмүнүн баракчасына кош келиңиздер. Билим сапатын башкаруу бѳлүмү (БСББ) билим берүү сапатын үзгүлтүксүз жогорулатууну жана колдоону камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Сапат – деп, биз билим берүү сапатын, кызматтын сапаттуулугун жана жалпы менеджменттин сапатын түшүнѳбүз. ЭАЖММ майнаптуу окуу мекемеси болууну каалайт, мындан сырткары биздин студенттер окуусун аяктагандан кийин үйүм деп айткан, жагымдуу жай болууга аракеттенет.

БСББ сапатты башкаруу боюнча ички документтерди иштеп чыгууну жана баалоо инструменттерин, кѳзѳмѳлдѳѳ усулдарын, көрсөтүлгөн академиялык кызматтардагы кемчиликтерди жана боштуктарды аныктоо менен алектенет. Башка бөлүмдөр менен биргеликте боштуктарды толтуруу жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чараларды жана аракеттерди жүргүзѳбүз.

БСББ үчүн дагы бир маанилүү нерсе - студенттер, бүтүрүүчүлөр, жумуш берүүчүлөр тарабынан сунушталган билим берүү жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча кайтарым байланышты башкаруу. Сиздердин керектѳѳлѳрүңүздѳр канагаттандырылып, кѳйгѳйлѳрүңүздѳр чечилишин угууга жана ынанууга биз бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз.

Бул баракчада биздин ишибизге багыт берген негизги стратегиялык документтер, ошондой эле сапатка байланыштуу айрым ыкчам документтер келтирилген. Сиз биздин ишмердүүлүгүбүзгө байланыштуу бардык суроолор менен тартынбастан биз менен байланыша аласыз. Сизден сунуштарды алуу жана баарлашуу, биз үчүн кубаныч.