ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ЭAЖММга студенттер ар кайсы ѳлкѳлѳрдѳн ѳзүнчѳ маданияттары, каада-салттары жана жашоо ѳзгѳчѳлүктѳрү менен келишет. Жетекчиликтин жана окутуучулардын негизги максаты – жаңы жашоо шартына ыңгайлашуусуна жардам берүү. Кээде жѳнѳкѳй үйдүн ижарасын тѳлѳѳ жѳнүндѳ маалымат, кийим, тамак-аш сатып алуучу жерлер кадимки студенттер үчүн абдан эле ыңгайсыздык кѳйгѳйлѳрүнѳн болуп чыгат. Биз окуп жаткандарды студенттик жатакана менен камсыздайбыз.

ЭAЖММынын жатаканасы – жашоо үчүн жана идеялар, билимдерди алмашуучу уникалдуу жер. Аларда негизинен Индиядан жана Пакистандан келген студенттер жашашат. Жатакананын жанында улуттук ашканалар жайгашкан. Мындан сырткары жатаканаларды ЭAЖММынын окутуучулары жана Индиядан, Пакистандан ж.б. ѳлкѳлѳрдүн супервайзерлери кѳзѳмѳлдѳшүп, башка улуттар арасында ыңгайлашууга жардам беришип, алардын физикалык жана психикалык саламаттыгын сактоого жардам беришет. ЭAЖММынын жатаканалары заманбап коопсуздук системалары менен жабдылган. Ошондуктан жатаканада жашаган студенттер ыңгайлуулукту сезишип, ишенимде жана эркиндикти болушат.

Биздин студенттер университеттин «Веданта» клиникасынан жыл сайын медициналык кароодон ѳтүшѳт жана квалификациялуу медициналык жардам алуу каралган. Клиниканын базасында симуляциялык медициналык борбор түзүлүп, анда заманбап каражаттар менен имитациялык окутуу үчүн реалдуу клиникалык кырдаалды жараткан виртуалдык (компьютердик) тренажерлор менен иш алып барышат. Сабактан сырткары бош убактыларында студенттер атайын медициналык билгичтиктерин жана кѳндүмдѳрүн ѳѳрчүтүү жана мыктылоо үчүн симуляциялык медициналык борбордо жана университеттин клиникасында тажрыйба жүргүзүүгѳ мүмкүнчүлүктѳр берилген. Биздин студенттер ар тараптуу ѳнүккѳн инсандардан болушу үчүн бир гана жатакана, медициналык тейлѳѳ менен гана камсыздалбастан, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларда ѳзүлѳрүн кѳрсѳтүүсүнѳ биз аракеттенебиз. Алардын кызыгууларына жараша кружокторду уюштурууга, бийге катышууга, вокал боюнча «Sensation» музакылык группада сабак алууга, крикет, футбол, волейбол жана шахмат боюнча спорттук секцияларга катышууга жана буга чейин түзүлгѳн «IHSM Student Council» жана «Tunduk» студенттик уюмдарына мүчѳ болуп кирүү мүмкүнчүлүктѳрү каралган.

«IHSM Student Council» (ЭAЖММ студенттик кеңеш) ЭAЖММ студенттери тарабынан тандалып алынган, студенттердин ѳзүн-ѳзү башкаруусундагы аткаруу органы болуу менен университеттин жетекчилигиндеги башкы жана негизги студенттердин ѳкүлү болуп саналат. Студенттик кеңештин башкы максаты - студенттердин укугун коргоо жана аныктоо, студенттик коомчулуктун жыргалчылыгын камсыздоо, ЭAЖММынын жалпы башкаруусунда студенттерди катыштыруу, административдик, академиялык кызыкчылыктарын кѳрсѳтүү жана сабактан сырткары багыттарда сунуштарын коргоо болуп саналат.

«Tunduk» кѳз карандысыз студенттик уюм, студенттердин жигердүү коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларга катышуусуна, ѳз ара байышына жана маданияттардын жакындашуусуна, башка ѳлкѳлѳрдүн, анын ичинде Кыргызстандын каад-салттары жана маданияттары менен танышуусуна ѳбѳлгѳ болууга багытталган.

ЭAЖММ студенттеринин ар тараттуу студенттик жашоолору билим алуу мүмкүнчүлүктѳрүн гана кеңейтпестен, жигердүү жашоо позициясын кармоону, чыгармачыл жѳндѳмдүүлүгүн ѳнүктүрүүгѳ, ѳзүн-ѳзү жетилтүүгѳ, жашоонунун ар кыл боёкторун кѳрүүгѳ мүмкүнчүлүктѳрдү ачат. Чет ѳлкѳлүк студенттер мекендерине кайтышканда ЭЖММынын маданий элчилеринин милдетин аткаруу үчүн администрация жана окутуучулар максималдуу аракеттерди жасашат.