ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Клиникалык симуляциялык борбору

Клиникалык симуляциялык борбору, Лев
Толстой 17А кѳчѳсү, Бишкек, 720007

Заседателева Светлана Геннадьевна

Клиникалык симуляциялык борборунун башчысы

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеп клиникалык симуляциялык борборун заманбап симуляциялык-машыгуу жабдыктары менен  реалдуу клиникага жакындатылган шартта уюштурган жана ал жерде жалпы медицинаны жана атайын компетенцияларды ѳнүктүрүү багытында практикалык сабактар ѳтүлѳт.

Клиникалык симуляциялык борборунун аянтчасы – бул реалдуу клиникалык жана башка кырдаалдарды моделдештирүү менен техникалык жана техникалык эмес кѳндүмдѳрдүн: кабыл алуу бѳлүмүндѳгү иштер, интенсивдүү терапия палатасында, процедуралык жана операциялык залда иштѳѳнү  шарттайт.

Клиникалык симуляциялык борборунун багыты окуу практикалык сабактарын атайын уюштурулган: терапевтин, гинекологдун, педиатрдын, хирургдун виртуалдык кабинеттеринде жүргүзүүгѳ багытталган. Виртуалдык клиниканын бѳтѳнчѳлүгү болуп комплекстүү (ОСКЭ) экзамендери жүргүзүүгѳ, дебрифинг залынын жана чоң дарскананын болушу эсептелет. Клиникалык симуляциялык борборунун мындай аянтчалары комплекстүү экзамендерди жүргүзүүгѳ жана уюштурууга, илимий конференцияларды, кадрларды кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатуучу жай болууда. Биздин борбор негизги багыттар боюнча симуляциялык кабинеттерди камтыйт: ички жана үй-бүлѳѳлүк медицинага киришүү, педиатрия, акушердик жана гинекология, хирургия.