ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

КООМДУК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО КАФЕДРАСЫ

Морфологиялык борбор, Лев Толстой
кѳчѳсү, 114/1, Бишкек, 720007

Жусупов Кенеш Осконбаевич

Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы

Кыргызстанда алгачкы жолу жана бирден-бир коомдук саламаттыкты сактоо боюнча магистратура (MPH) жана PhD докторантура программалары ачылды. Коомдук саламаттыкты сактоо дисциплинасы ар бир инсан ѳзү саламаттыкта жана кѳп жашоо укугунан колдонууга мүмкүнчүлүк берүү идеясына негизделген. Биз сиздер менен кызыктуу программалык сунуштарды бѳлүшкѳнүбүзгѳ жана профессор-окутуучулардын курамы менен тааныштырганыбызга кубанычтабыз: изилдѳѳчүлѳр, окутуучулар, эксперттер, докторанттар жана магистранттар ѳзүнүн ишине берилген жана баары, жалпы, бир коомдук саламаттыкты бекемдѳѳ максатына бириккендер.

Биздин кафедра эл аралык дисциплинардык болуу менен негизги коомдук саламаттыкты сактоо адистиги боюнча, эпидемиология жана биостатистиканы кошуу менен ден соолукту жана саламаттыкты сактоо аймагында ден соолукту чыңдоо жана коммуникация, айлан-чѳйрѳ гигиенасы жана эмгек гигиенасы, саламаттыкты сактоо экономикасы жана биоэтика, социалдык медицина жана медицинанын тарыхы ошондой эле микробиология боюнча студенттерди, магистранттарды жана докторанттарды окутабыз жана даярдайбыз. Профессор-окутуучулар курамы тоолуу аймактардын шартында эмгек гигиенасы, айлана-чѳйрѳ гигиенасы боюнча изилдѳѳлѳрдү жүргүзүшүп, теңсиздик шартында саламаттыктын жугуштуу ылаң жана жугуштуу эмес ылаң эпидемиологиясын изилдешет. Алардын изилдѳѳчүлүк, кеңеш берүү жана практикалык ишмердүүлүгү кѳбүн эсе ички эл аралык дисциплинардык кызматташуусунда жана ЭАЖММынын, Кыргызстандын чегинен чыгуу менен иш жүзүнѳ ашырылат. Мындай комплекстүү кадам Кыргызстандагы калктын саламаттыгын жакшыртуу максатындагы орчундуу маселелерди чечүү максатында жана жарандарыбыздын жана ошондой эле бүткүл дүйнѳ жүзүндѳгү жарандардын маалыматтарды жана эксперттик билүүлѳрүнѳ мүмкүнчүлүк берүү. Биздин кээ бир айлана-чѳйрѳ гигиенасы жана эмгек гигиенасы сферасындагы эксперттер, ушул багыттагы изилдѳѳлѳргѳ тийиштүү, коомчулуктун ар кандай темадагы суроолорун, конструктивдүү сунуштарын жана кеңештерин кубануу менен кабыл алат.

Коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы мансаб – бул ѳзүнчѳ бир адамдардын жана калктын кайсы бир тайпаларынын эң жогорку деңгээлге жеткен саламаттыкта жашоосуна жардам берүүнүн пайдалуу жолу. Коомдук саламаттыкты сактоо адистеринин иши негиздүү болуу менен коомдук саламаттыкты сактоодо жана медицинаны тажрыйбалоого жана дүйнѳ жүзүндѳ миллиондогон адамдардын жашоосуна таасирин тийгизет. Биз сиздерди бул иш-чараларга кошулууга чакырабыз. Биз коомчулуктун мүчѳлѳрүнүн ар кандай суроолоруна жооп берүүгѳ жана келечектеги студенттерибиздин кайрылууларына даярбыз.