Илимий конференциялар
ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Деканат

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү,
Бишкек 720054

Сатаркулова Айнура Манасовна

Декан, м.и.к.

Эл аралык жогорку медициналык мектеп – бул студенттердин бир канча мууну, таланттуу окутуучулар, сонун окуунун жана илимдин салттары. ЭАЖММ жогорку билим берүү сферасында билим берүү ишмердүүлүгүн 2003-жылдан бери жүргүзѳт. ЭАЖММ түптѳлгѳндѳн баштап, башкы максаты бул жылдары, дагы келечекте - оор кырдаалдарда компетенттүү чечимдерди кабыл ала алган, дасыккан жана атаандаша алгыдай адистерди даярдоо. Он алты жыл аралыгында бүтүрүүчү студенттердин санын үч миңдей адам түздү. ЭАЖММ бүтүрүүчүлѳрү менен сыймыктанат. Биздин бүтүрүүчүлѳр эмгек рыногунда талап кылынып, жаңы экономикалык шарттарда жогорку кесипкѳйлүүлүгүн кѳрсѳтѳ алышат. Индиянын, Пакистандын жана алыскы чет ѳлкѳлѳрдүн саламаттыкты сактоо тутумунда жетектѳѳчү башкаруу кызматтарында иштешет. Бүгүнкү күндѳ ар ѳлкѳлѳрдѳн 3500дей студент билим алып жатышат. ЭАЖММ динамикалуу ѳнүгүп, материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жана кадрдык потенциалын ѳстүрүүдѳ. ЭАЖММ саламаттыкты сактоо тутумунда квалификациялуу адистерди даярдоодо бардык мүмкүнчүлүктѳргѳ ээ.

Студенттердин кызматында – жогорку илимий жана педагогикалык потенциалы бар профессор-окутуучулардын курамы, заманбап окуу-лабораториялык жана илимий-изилдѳѳ дарсканалары, ѳнүккѳн материалдык-техникалык жана компьютердик жабдуулар.

Окуу процессиндеги бир ѳзгѳчѳлүк студенттер ѳзүлѳрү тандап алган багыттагы ѳз алдынча илимий иштерин жана билим алуу менен ѳз ара байланышта алып кеткени. Илимий кружокторго катышуу, ЖОЖдун ичиндеги, ЖОЖдор аралык жана эл аралык студенттик конференцияларга катышуу студенттерге илимий багытын туура тандоого мүмкүнчүлүк берет. Сиздердин кызыкчылыктарыңыздарга туура келүү үчүн биз бардык мүмкүнчүлүктѳрдү жасайбыз. Сизге, билим алууңузга жана келечектеги мансабыңызга ийгилик каалайбыз!