ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ГУМАНИТАРДЫК САБАКТАР КАФЕДРАСЫ

Л.Толстой көчөсү 17а/3

Алымкулова Нурия Насипкуловна

Кафедра башчысы

Биздин ишибиз окутуучулар жана изилдөөчүлөр катары коомдук активдүүлүккө багытталуу менен студенттерибиздин окуу ишмердүүлүгүнө жана социалдык жашоого сүңгүп кирүүсүнө жардам берүү болуп саналат. Биздин башкы максатыбызстуденттер менен иш алып баруу аркылуу инсандык өз ара түшүнүүнү кеңейтүү, байытуу.

Мындан сырткары мен кафедранын башчысы катары иш алып барып, ошону менен катар эле студенттерге орус тилинен сабак берем.

Биздин кафедранын профессорлор-окутуучулар курамы фундаменталдуу жана терең дисциплинардык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен катар көптөгөн башка дисциплиналар менен кызматташып, окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуп, өз билгендерибизди сиздер менен тең бөлүшөт.

Урматтуу студенттер, сиздерде жаңы чөйрөгө ыңгайлашууда ар түрдүү көйгөйлөр болорун мен жана менин кесиптештерим жакшы билебиз. Сиздер үчүн жаңы чөйрө болгон биздин коомчулукка ыңгайлашуу аракеттериңерге биз дайыма жардам берүүгө даярбыз. Сиздер биздин кафедрадан гуманитардык билимдин кеңири багыты боюнча билим ала аласыздар. Андыктан мен жана биздин кафедранын окутуучулары сиздерди кафедрада тосуп алабыз!

Урматтоо менен,
Алымкулова Нурия Насипкуловна