ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

30 жылдан ашык билим берүү, жаштар жана спорт тармагындагы кызматташтыкты колдоо жана өнүктүрүү.

Эразмус+ бул 1987-жылы түзүлгөн европалык каржылоо программасы, ал 2013-жылдан бери студенттерге Европанын Erasmus + Partner университеттеринин биринде бир же эки семестрге окууга мүмкүнчүлүк берет.

Эразмус+ - Европа Бирлигинин билим берүү, окутуу, cпорт жана жаштар жаатындагы долбоорлорду, кызматташтыкты, академиялык мобилдүүлүктү колдоого багытталган программасы.

Эразмус+ Европа Бирлигинин (ЕБ) билим берүү, кадрларды даярдоо, жаштар жана спорт жаатындагы программасы. Бул программа Европанын ичинде да, эл аралык кызматташтыкта да бул багыттарды камтыган билим берүү, окутуу жана жаштар жаатындагы европалык программалардын 30 жылдан ашык тажрыйбасындагы жетишкендиктерине таянат.

Этап 2021-2027:

  • катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
  • жаңы максаттуу топторду тартуу
  • кызматташуунун жаңы формалары

Программанын артыкчылыктары

  1. Камтуу жана ар түрдүүлүк
  • Бардык дараметтүү катышуучуларга Программага бирдей кирүүгө жана катышууга мүмкүнчүлүк.
  • Аз мүмкүнчүлүктөрү менен  көбүрөөк катышуучулар
  • Программанын  дараметтүү  катышуучулары туш болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоюу, атап айтканда:
  • Майыптык
  • Ден-соолукка байланыштуу чектөөлөр
  • Билим берүү жана окутуу системаларынын өзгөчөлүктөрү
  • Маданий айырмачылыктар
  • Социалдык тоскоолдуктар
  • Экономикалык тоскоолдуктар
  • Дискриминацияга байланыштуу тоскоолдуктар
  • Географиялык тоскоолдуктар (алыскы аймактар)

 2. Санариптик трансформация

Санариптик билим берүү боюнча иш-аракеттер планы (2021-2027)

  • Жогорку натыйжалуу санариптик билим берүү экосистемасын түзүү
  • Бардыгы үчүн санариптик көндүмдөрдү жана компетенцияларды өркүндөтүү
  • Европалык санариптик билим берүү борборун түзүү

3. Айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү

Европалык Жашыл Келишим

  • Erasmus+ - негизги курал үчүн: 
  • климаттын өзгөрүшүнө карата билимди, билгичтикти жана мамилени калыптандыруу
  • ЕБде жана анын чегинен тышкары жерлерде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу
  • Бардык долбоорлорго "жашыл" технологияларды жана тажрыйбаларды киргизүү

4. Программанын негизги принциптери 

  • Эл аралык өлчөө
  • Өнөктөш өлкөлөр менен кызматташуу
  • Билгичтиктерди жана квалификацияларды таануу жана ырастоо
  • Айкындуулукту камсыз кылуу жана компетенцияларды, жөндөмдөрдү жана квалификацияларды таануу куралдарын колдоо ((Europass, Youthpass, квалификациялардын Европалык алкагы, зачеттук бирдиктердин (ECTS) Европалык системасы ж. б.)
  • Долбоорлор жана алардын натыйжалары жөнүндө кеңири маалымдоо
  • Ар бир долбоор маалыматтык колдоо жана жыйынтыктарды жайылтуу боюнча иш-чараларды камтышы керек
  • Долбоорлордун алкагында түзүлгөн билим берүү ресурстарына ачык акысыз мүмкүнчүлүк
  • Долбоорлордун алкагында түзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларына жана маалымат базаларына ачык акысыз жетүү

5. Программага катышкан өлкөлөр

Программага катышкан өлкөлөр

Өнөктөш өлкөлөр

 

  • ЕБге мүчө өлкөлөр
  • Евробиримдиктин 27 өлкөсү
  • Программага кошулган үчүнчү өлкөлөр:
  • Программага кошулбаган үчүнчү өлкөлөр:
  • 14 географиялык аймакка бөлүнгөн дүйнө өлкөлөрү
  • Кыргызстан өзүнчө 6 - аймакка бөлүндү 
  • Норвегия, Исландия, Лихтенштейн, Түндүк Македония, Сербия, Түркия

6. Программанын түзүмү

Негизги иш-аракет 1

  • Жогорку билим берүүдөгү мобилдүүлүк

 

  • Жогорку билим берүүдөгү виртуалдык алмашуу

Негизги иш-аракет 2

  • Жогорку билим берүүдө дараметти өнүктүрүү

Жан Моне аракети 

  • Жан Моне жогорку билим берүү аймагы 

7. Ресурстар, куралдар  жана платформалар:

  • Erasmus +(платформа) долбоорлорунун жыйынтыктары
  • Erasmus + бардык каржыланган долбоорлор жөнүндө маалымат:  

- натыйжалар, ийгиликтүү практикалар, актуалдуу тематика

-ишке ашуучу долбоорлор, уюмдар, байланыштар

  • Ачкыч сөз боюнча издөө,  активдүүлүк, тематикалык  аймагы, жылы, өлкөсү, темасы, натыйжанын типтери