Илимий конференциялар
ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Тамактануу
ЭAЖММынын коомдук тамактануучу жайында Индия жана Пакистан ѳкүлчүлүктѳрүнүн жетекчилиги астында чарбалык ишмердүүлүк менен алектенишет. Университеттин жатаканаларында ашканалар бар. Анда индиялык ашпозчулар эмгектенишет. Мында салттуу Индия ашканасынын тамактары менен тамактануу студенттер үчүн абдан эле жагымдуу. Азыркы тапта ашкана индиялык жана пакистандык студенттер үчүн гана иш алып барат.

ЭAЖММынын Индия ашканасында кардарлардын каалоосуна жараша ар түрдүү аштизмелерди, чапатти, күрүч, таттуулар ж.б. кошуу менен сунушташат. Мында вегетариандык жана вегетариандык эмес тамактар сунушталат. Үч жолу тамактануу системасы иштейт. Ошондой эле ашкана салтанат залы катары колдонууга уруксат берилет, эгерде ЭAЖММынын жетекчилигинин же студенттердин майрамдарына жана кѳңүл ачуу кечелерине байланышкан иш-чаралар болсо.

Муну менен катар Бишкек шаарында бир канча Индия жана Пакистан ашканасы менен ресторандар, кафелер (The Host, Oops, Papa Rotti, Indian Village ж.б.) бар. Бул жайлардан студенттер ѳзүлѳрүнүн улуттук ашканасынын тамактарына тапшырык берүүгѳ жана жайлуу эс алууга чакырган жагдайда эс алышса болот.

Жашоо
Жатаканаларда студенттердин жынысына жараша ѳз-ѳзүнчѳ жайгаштырылат. Бул окугандардын ыңгайлуу жашоосу үчүн жасалган. Студенттердин тамак жѳнүндѳ ойлоосунун зарылдыгы жок, себеби жатаканалардын ашканасы, кафеси кадам аттам жерлерде жайгашкан.

Атайын жумушчулар жатакананын ичи-сырттарын үзгүлтүксүз тазалап- жыйноо иштерин жүргүзүшѳт. Ошондой эле жатакананын ар бир блогунда имараттын ичинен кѳзѳмѳлдѳгѳн вахтер иш алып ба рат

ЭAЖММынын студенттик уюмдарынын ѳкүлдѳрү – жатакана иштери боюнча сенаторлор да бул жатакаларда жашашат. Алар студенттердин жатаканада жашаган учурдагы кѳйгѳйлѳрүн чечүүгѳ кѳмѳктѳшѳт.

Ар бир жатаканада үзгүлтүксүз муздак жана ысык суу менен камсыздалган даараткана жана жуунуучу бѳлмѳлѳр бар. Мындан сырткары ар бир жатаканда кир жуучу бѳлмѳлѳр иштейт. Машыгуу залы дайыма ачык. Кээ бир жатаканаларда бильярд залдары бар, ошондой эле жеке окууга арналган бѳлмѳлѳр менен камсыздалган. Мындан сырткары, ыңгайлуулуктардан биздин студенттерге Wi-Fi кирүүгѳ мүмкүнчүлүк берилген. Жатаканада жашоо жана турмуш-тиричилик эрежелерин кармоого жана үлгүлүү тартипти сактоо максатында студенттерге имаратка 22:00гѳ чейин кирип-чыгууга уруксат берилет.

Студенттерге шаар ичинде ѳз алдынча турак үй табууга уруксат берилет. Турак үйдүн ижарасы кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана ижаралардын берилүү аймагындагы ѳсүүсүнүн ѳзгѳрүү баасына жараша болот.