ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Студенттик мобилдүүлүк студенттердин окуу процессине жигердүү катышуучулары катары, студенттерге окууга жана тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет. Студенттик мобилдүүлүк программасынын алкагында студенттер жана ЖОЖ сезилерлик кѳп артыкчылыктарды алышат. Биз чын ниетибизден биздин студенттерге жаңы маданияттардын ѳзгѳчѳлүктѳрүн, ар түрдүү билим алуунун усулдарын жана жер шарынын кызыктуу жерлеринде ѳзүлѳрүнүн маданий кругозорлорун кеңейтүү багытында жана ѳзүлѳрүнүн билимдеринен чегинен чыгуу менен укмуштуудай ѳлкѳлѳр жѳнүндѳ, окуялар жана адамдар жѳнүндѳ таанышын каалайбыз.

Азыркы тапта ЭЖММ ѳзүлѳрүнүн студенттерине тѳмѳнкү биргелешкен академиялык мобилдүүлүк программаларына катышууга мүмкүнчүлүк тартуулайт:

УНИВЕРСИТЕТТЕР:

  • Рифа Эл аралык университети  (Исламабад, Пакистан)
  • Бриджтаун университети (Бриджтаун, Барбадос)
  • Караганда Мамлекеттик медициналык университети (Казахстан)
  • Медициналык илимдер университети (Лахор, Пакистан)
  • Шифа Тамир-И-Миллат (Исламабад, Пакистан)
  • Абу Али ибн Сина атындагы Бухара Мамлекеттик медициналык институту (Бухара ш., Ѳзбекстан)
  • Марат Оспанов атындагы Батыш-Казакстан Мамлекеттик медициналык университети (Казахстан)
  • Хатлон Мамлекеттик   медициналык университети (Дангара, Тажикстан)
  • Новосибирск Мамлекеттик медициналык университети (Россия)
  • Ташкент Мамлекеттик стоматологиялык институту (Ташкент, Ѳзбекстан)
  • Семнан Медициналык илимдер университети (Семнан, Иран)
  • Фатима Джинна аялдар университети (Равалпинди, Пакистан)
  • Проф. В.Ф. Войно - Ясенецкий атындагы Красноярск Мамлекеттик медициналык университети (Россия)
  • Воронеж Мамлекеттик медициналык университети  
  • Улуттук медициналык университет (Казахстан)
  • Семей Медициналык университети (Казахстан)
  • Ош Мамлекеттик университети (Кыргызстан)
  • Улуттук медициналык илимий борбор (Казахстан)
  • Россия Илимдер академиясынын Томск Улуттук медициналык илимий  борбору (Россия)
  • Лахорск университети (Лахор, Пакистан)
  • Тарту университети (Эстония)
  • Милан университети (Италия)
  • Нитредеги Константин Философ атындагы университет (Словакия)
  • Шарда университети (Индия)

ООРУКАНАЛАР:

  • Лахорск университетинин окуу госпиталы (Пакистан)
  • Джинна клиникалык ооруканасы (Пакистан)
  • Баба ооруканасы (Индия)
  • City Trust изилдѳѳ борбору жана ооруканасы (Индия)
  • BLK ооруканасы (Индия)
  • Аакаш ооруканасы (Индия)