Илимий конференциялар
ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ПЕДИАТРИЯ КАФЕДРАСЫ

Бишкек, к. Тоголока Молдо, 1б

Алексеев Владимир Петрович

Кафедра башчысы

Урматтуу абитуриенттер, студенттер, дарыгерлер жана сайттын коноктору сиздерди тосуп алганыбызга кубанычтабыз!

Биздин Педиатрия кафедрасынын алкагында клиникалык окуу, практикалык жана илимий-изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын ичинде балдардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, балдардын кеңири тараган ооруларын изилдөө, амбулаториялык жана стационардык шарттарда тез, кечиктирилгис жана пландуу медициналык жардам көрсөтүү, диспансеризация, иммунизация маселелери, оорулардын алдын алуу жана реабилитациялоо жүргүзүлөт.  

Кафедранын жамааты алдыңкы балдар бейтапканаларында жана ооруканаларында клиникалык практикадан өткөн, илимий изилдөөлөр менен алектенген жана студенттерди клиникалык жана илимий практикага активдүү тартуучу жогорку кесипкөй окутуучу-дарыгерлерден  турат. Биздин ишибиздин негизги принциптери – достук, жоопкерчилик, кесипкөйлүк, жардам берууго дилгирлик, максатка умтулуучулук жана этикалык нормалардан турат.