ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Байланыш

ЖУГУШТУУ ООРУЛАР КАФЕДРАСЫ

Республикалык жугуштуу оорулар
клиникалык оорукасы, Лев Толстой кѳчѳсү,
70/1, Бишкек, 720009

Кутманова Айнура Зарылбековна

Кафедра башчысы

           Жугуштуу оорулар кафедрасынын баракчасына кош келиңиздер!

Жугуштуу оорулар кафедрасы 2017-жылы түптөлүп, кыска мөөнөттүн ичинде билим берүү ишмердүүлүгүндө жана илимий изилдөөлөрүндө бир топ узак өнүгүү жолун басып өтүп, студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатты.

Кафедранын ишинин масштабы билим берүү, илимий жана медициналык ишмердүүлүк менен алектенген кызматкерлердин илимий-педагогикалык жөндөмдүүлүгү менен аныкталат.

Азыркы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө, биздин коом АИВ козгогон оорусу, безгек, COVID-19, Нипах вирус оорусу ж.б. жугуштуу ооруларга каршы турууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо зарылчылыгын талап кылат. Бул  кафедранын негизги вазийпасы болуп саналат.

Биз үчүн жугуштуу оорулар боюнча жогорку билимдүү студентти даярдоо гана эмес, конференцияларга, олимпиадаларга, басмаларга катышуу менен практикалык көндүмдөрдү жана илимий-изилдөө иштерине кызыгууну калыптандыруу маанилүү болуп саналат.

Учурда жугуштуу оорулар кафедрасы заманбап билим берүү тармагындагы алдыңкы технологияларды ээрчип, бардык күчүн, билимин жана мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен активдүү өнүгүүсүн улантууда.

Вазийпабыздын алкагында биз сиздер менен жолугушууга кубанычтабыз жана медицина тармагындагы лидерлердин жаңы муунун даярдоодо салым кошууга даярбыз!