Илимий конференциялар
ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Эл аралык жогорку медициналык мектепке кош келиңиздер!

Биздин ынтымактуу коллективге кантип кошулууга болот? Бул үчүн сиздер:

  • Ѳзүн-ѳзү мыктылоого даяр жана жигердүү, максаттуу адис болуу керек;
  • Биздин бош орундар кызматы тизмесинен сизди кызыктырган кызматты тандаңыз;
  • Билдирүүңүздү hr_office@ism.edu.kg дарегине (бош орун кызматын милдеттүү кѳрсѳтүү менен) жѳнѳтүңүз.

Окутуучунун бош ордуна тандоо критерийлери: сиздин ѳлкѳбүздүн мыкты окуу жайында иштѳѳгѳ болгон каалоңуз жана жогорку билим, тийиштүү иш тажрыйба, компетенттүүлүк жана англис тилин милдеттүү билүү.

Кызматкерлерди тандоо 3 этаптан турат:

1 этап – алынган таржымалдарды жана сунушталган, коштолгон каттарды кароо. Бул процедура кызматкерлерди башкаруу бѳлүмүнүн башчысы жана бош орун жарыялаган бѳлүмдүн башчысы менен жүргүзүлѳт.

2 этап – тандалган талапкер кызматкерлерди башкаруу бѳлүмүнүн башчысы жана окуу-тарбия иштери боюнча проректор жана ошондой эле кафедра башчысы/бѳлүм башчысы менен сүйлѳшүүгѳ жана тест тапшырууга чакырылат;

3 этап – сүйлѳшүүнүн жыйынтыгы жана талапкерге чечимдин жыйынтыгын маалымдоо.

Биз сиз менен кубануу менен иштешебиз!

Бош орунга арыз менен кайрылуудагы талап кылынган документтер:

  • Таржымал;
  • Ѳзү жѳнүндѳ маалымат камтыган барак жана 2 сүрѳт (3х4);
  • ИНН коду менен паспорттун копиясы;
  • Билим тууралуу дипломдун жана академиялык наамы, даражасынын копиясы, эгер бар болсо;
  • Ординатураны, резидентураны жана такшалма ѳткѳндүгү тууралуу маалымдаманын копиясы;
  • Англис тилин билүү деңгээли боюнча сертификаттын копиясы;
  • Квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттын копиясы, эгер бар болсо;
  • Эмгек китепчеси.