ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Ректор

ЭАЖММ Ректору

Стальбек Медерович Ахунбаев

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР ЖАНА СТУДЕНТТЕР!

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектепке (ЭAЖММ) Кош келиңиздер!

ЭAЖММ Кыргызстандагы бирден-бир ири жана заманбап медициналык билим берүү борбору. Биздин университет миңдеген жогорку дасыккан дарыгерлерди даярдап чыгарышты. Алар Индияда жана дүйнѳ жүзүнүн булуң-бурчтарында эмгектенишет. Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеп Бүткүл дүйнѳлүк медициналык билим берүү федерациясы бекиткен эл аралык медициналык билим берүүнүн стандартына ылайык аккредитациядан ѳткѳн.

4000дѳн ашык студент окууну ийгиликтүү аяктаган. Ал эми 3500дѳй студент билим алып жатышат. ЭAЖММ студенттерге медицинаны үйрѳнүүдѳ ийгиликтерге жетишишине заманбап шарттарды түзүп келет.

Клиникалык медицинада «Кѳйгѳйдүн негизинде - окутууга» дүйнѳ ѳзгѳрүп жатканын эске алып, биз окутуу процессинде негизги артыкчылыкты - багытталган-практиканы тандап алдык. Биздин студенттердин диверсифицикалык даярдыгы ЖОЖдо кабыл алынган кѳп деңгээлдүү тутумдардан турган билим берүү жана тажрыйбалуу окутуучулардын ар түрдүү окутуу программалары менен иш алып баруусунда.

20 жыл ичинде ЭAЖММ алдыңкы ЖОЖдордун мартабасын алды. Бул биздин студенттердин FMGE, USMLE жана башка квалификацияланган сынактарды тиешелүү лицензияларын алуу менен ийгиликтүү тапшыруулары тастыктап турат. Биздин бүтүрүүчүлѳр скринингалык тестерди MCI, PMDC жана BMDC биринчи сынакта эле ийгиликтүү тапшырышат.

Биздин студенттердин коопсуздугуна чоң кѳңүл бѳлүнѳт. Ошондой эле чет ѳлкѳлүк ѳнѳктѳш-университеттер менен биргеликте билим берүү программаларын иш жүзүнѳ ашырабыз. Бул биздин студенттерибиздин үзгүлтүксүз академиялык программаларга катышууга мүмкүнчүлүк берет. ЭAЖММда «чакырылган профессорлор» программасы иштеп, Индиянын жана башка мамлекеттердин алдыңкы университеттеринен 10-12 профессор-окутуучулар келип, окутушат.

ЭAЖММ студенттер үчүн спортто жана искусство жаатында ѳнүгүүлѳрүнѳ жол ачат. Биздин бүтүрүүчүлѳр ѳз ѳлкѳлѳрүндѳ гана окууну жана эмгектенүү улантпастан, дүйнѳ жүзүндѳ: АКШда, Великобританияда, Нидерландияда, Австралияда, Швейцарияда, Германияда, Данияда, Бириккен Араб Эмиратында жана башка мамлекеттерде улантышууда.

Биз Сиздерди ар дайым мектепте жан-дилибиз менен тосуп алууга даярбыз! Сиздер жүрѳгүңүздѳрдѳ жана акылыңыздарда түбѳлүк жашай турган,билим жана акылмандык храмынан кѳптѳгѳн ак дил эскерүүлѳрдү алып кайтасыздар!

Мен, Эл аралык жогорку медициналык мектепте окууну тандаганыңыздарга абдан ыраазымын жана дарыгерлик мансабыңызда эң мыкты, бардык жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалаймын