Илимий конференциялар
ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Кызматкерлерди башкаруу бѳлүмү

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү
, Бишкек, 720054

Ярина Марина Нарынбековна

Бѳлүмдүн башчысы

Биздин баракчага кош келиңиз жана сиздерге биздин бөлүмдү тааныштырууга кубанычтабыз!

Кадрлар бөлүмүнүн максаты Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин стратегиясына жана аны өнүктүрүүнүн учурдагы пландарына ылайык кызматкерлерди башкаруу тармагындагы саясатын ишке ашыруу болуп саналат:

  • бул кызматкерлерди баалоо системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү;
  • ЭАЖММнын кызматкерлерин кесиптик даярдоо системасын өнүктүрүү;
  • ЭАЖММнын корпоративдик маданиятын жогорулатуу;
  • ЭАЖММда юридикалык жактан кызматкерлердин документтеринин туура жүргүзүлүшүн камсыз кылуу.

Бөлүмдүн негизги милдети – ЭАЖММны керектүү кадрлар менен камсыз кылуу жана кызматкерлердин потенциалын эффективдүү пайдаланууга көмөк көрсөтүү аркылуу ЭАЖММнын максаттарына жетүүгө салым кошуу. Кызматкерлерди тандоо атайын иштелип чыккан ыкмалар менен ишке ашырылат – бош орундар жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жана рекрутингдик агенттиктерге берүүдөн тартып адистерди тандоо, тестирлөө, адаптациялоо, жол-жоболорун өткөрүүгө жана кесиптик өсүү үчүн кадрларды андан ары жогорулатууга чейин.

Кызматкерлерди башкаруу бөлүмү Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кадрдык маселелерин жөнгө салат. Адам ресурстарын башкаруу системасын иштеп чыгуу жана киргизүү аркылуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу ЭАЖММнын кызматкерлеринин потенциалын максималдуу жогорулатууга, кызматкерлердин эмгек шарттарына жана аткарылган иштерге канааттануусун жогорулатууга багытталган.