Илимий конференциялар
ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Окуу-усулдук бѳлүм

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү,
Бишкек, 720054

Субанбекова Гулнара Мырзабековна

Бѳлүмдүн башчысы

Окуу-усулдук бѳлүмү (ОУБ) - Эл аралык Жогорку Медициналык Мектептин структуралык түзүмдүк бѳлүмү болуп саналат. Биздин бѳлүм 2003-жылы түзүлгѳн. ОУБ окуу процессин жогорку билим берүү программасы менен уюштуруп жана аны иш жүзүнѳ ашыруу, ѳнүктүрүү жана камсыздоо багытында ачылган. Бѳлүм окуу-тарбия иши боюнча проректордун карамагында иш алып барат.

ОУБ окуу процессин мерчемдѳѳ жана уюштуруу иштерин алып барат жана окуу жана окуу-усулдук иштердин нормативдик документтерин иштеп чыгат жана окуу процессине мониторинг жүргүзѳт.

Окуу-усулдук бѳлүм 3 секторду камтыйт:

  1. Усулдук иштер сектору – дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билим берүү программаларын мерчемдѳѳ жана иш жүзүнѳ ашыруу, кѳзѳмѳлдѳѳ ишин алып барат.  
  2. Окуу процессин мерчемдѳѳ жана кѳзѳмѳлдѳѳ сектору – окуу процессин уюштурууну жана кѳзѳмѳлдѳѳнү ишке ашырат.
  3. Ѳндүрүштүк практика сектору – ѳндүрүштүк практиканы уюштурууну, ѳткѳрүүнү жана кѳзѳмѳлдѳѳнү жүргүзѳт.

Коллективдин биримдигин мүнѳздѳгѳн башкы белги максатыбыздын бүтүндүгүндѳ. Биздин максатыбыз – ЭАЖММда билим берүү процессин түздѳн-түз профессор-окутуучулардын катышуусунда мыктылоо.

Окуу-усулдук бѳлүм ѳз ишинде кафедралар менен ѳз ара тыгыз иш алып барып, кафедралардын окуу-усулдарын, уюштуруу-усулдук иштерин координациялоону камсыздап, ЭАЖММынын билим берүү процессин мерчемдеп, анализдеп жана кѳзѳмѳлдѳйт.

Баардыгыңыздарга астыга койгон максаттарга жетүүңүздѳргѳ жана жыйынтыктардан канааттануу алышыңыздарды каалайм.