ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ЭAЖММ бүтүрүүчүлѳрүнүн ассоциациясы 2016-жылы апрель айында Индия Республикасында ЖОЖдун 1000деген бүтүрүүчүлѳрүн бириктирип, уюшулган. Бүтүрүүчүлѳрдүн демилгеси менен түзүлгѳн ассоциация ЭAЖММдын бүтүрүүчүлѳрү менен байланышты ийгиликтүү кармоо менен бардык мүчѳлѳрүн профессионалдык жана жеке инсан катары ѳнүгүшүнѳ, профессионализмдин жогорку стандарттарынын бекемделишине жана сакталышына ѳбѳлгѳ түзүүдѳ.

ЭAЖММдын бүтүрүүчүлѳрүнүн ассоциациясы Эл аралык жогорку медициналык мектепте окуган бардык бүтүрүүчүлѳрдү, бүткѳн жылына жана жашаган жерине карабай бириктирип келет. Ар бир бүтүрүүчү илимий жана маданий мурастары менен ЭAЖММдын тарыхынын бир бѳлүгү болуу менен маанилүү жана баалуу. Биздин ЖОЖдун бүтүрүүчүлѳрү иштеги алган таасирлери жана тажрыйбалары менен бѳлүшүү максатында үзгүлтүксүз жолугушууларды уюштурушуп турушат. Ассоциация, мүчѳлѳрдүн профессионалдык ѳсүү жана мансап жасоо максатына багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жигердүү изденүү жолунда.