ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Ысык - Кѳл кампусу

Ысык-Кѳл шаарчасы, Совет кѳчѳсү 3В,
Чолпон-Ата ш. 722125

Чынгышпаев Даниял Шамильевич

Ысык-Кѳл кампусунун проректору

Эл аралык жогорку медициналык мектептин сайтында, Ысык-Кѳл кампусунун окутуучуларынын, жетекчилигинин, кызматкерлеринин атынан сиздер менен кѳрүшүп жатканыма кубанычтамын.

ЭАЖММнын Ысык-Кѳл кампусу – Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып таанымал болгон, уникалдуу эс алуу аймагында жайгашкан, жаңы келечектүү окуу жайы. Ысык-Кѳл жаратылышынын кооздугу жана эс алуу мүмкүнчүлүктѳрү менен адамдарды ѳзүнүн тартып турат.

ЭАЖММ 2017-жылы Ысык-Кѳл кампусунун эшигин сиздер үчүн ачкан. Кесипкѳй профессор-окутуучулар ѳзүлѳрүнүн билимдерин келечектеги саламаттык сактоонунун адистери - студенттерине арнашат. Медицина жана маалыматтык технологиялар боюнча ѳсүүгѳ мүмкүнчүлүктѳрү бар. Жогорку медициналык мекеменин стандарттарына туура келүү биздин максатыбыз. Факультет алдыңкы студенттерди даярдап чыгууга, алардын ѳз тармагында квалификациялуу тарбиялоочулар жана лидерлерден болушуп, ѳз убагында жергиликтүү жана улуттук коомчулуктагы бейтаптардын жана алардын үй-бүлѳлѳрүнүн жашоосун ѳзгѳртүшү үчүн тереңдеп окутууну жактагандардан.

Кампус ылайыктуу инфраструктура менен. Бул студенттер үчүн эффективдүү окууга жана жашоого мүмкүнчүлүк берет. Биз биргеликте саламаттык сактоо мекемеси жана илимий борбор болуу үчүн ѳсүүдѳбүз.

Билимдерге ээ болуу менен ар ким коомчулуктагы бардык адамдардын жашоосун ѳзгѳртүүгѳ акылуу - деп жыйынтыктагым келет. Сиздер дагы адамдардын жашоосун – мамлекеттик билим берүү системасындагы студенттердин, окутуучулардын, кызматкерлердин жашоосун ѳзгѳртѳ аласыздар. Мен буларды чогуу кылууга, сиздерди чыдамсыздык менен күтѳм! Ар бириңиздерге ийгилик каалайм!

Биз сиздерди биздин кампуста билим алууга чакырабыз!