ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

НЕГИЗГИ САБАКТАР КАФЕДРАСЫ

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү,
Бишкек, 720054

Сатаркулова Айнура Манасовна

Кафедра башчысы, м.и.к., доценттин м.а.

Негизги сабактар кафедрасы 2006-жылы негизделген. 17 жылдан бери биз студенттерге фундаменталдык дисциплиналарды (биохимия, нормалдуу физиология жана негизги фармакология) окутуп, физиология тармагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, анын ичинде айлана-чөйрөнүн өзгөргөн шарттарында кесиптик ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүндө адамдын организминин адаптациялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө менен алектенебиз. 

Кафедранын ишмердүүлүгү университеттин вазийпасына шайкеш келет жана жогорку моралдык жана этикалык нормаларды карманган компетенттүү дарыгерлерди даярдоого багытталган. Кафедранын кызматкерлери өз ишинин сапаты үчүн жеке жоопкерчиликти көтөргөн жогорку деңгээлдеги адистер. Кафедранын профессордук-окутуучулар курамын илимдин докторлору жана кандидаттары, жаш аспиранттар түзөт. Кафедранын өзгөчөлүгү Индиядан келген профессорлорду окуу процессине интеграциялоо болуп саналат, бул билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында эл аралык байланыштарды жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Кафедранын окутуучулары студенттер менен активдүү иштешип, аларды илимий иштерге тартууда. Кафедрада биохимия жана физиология боюнча 2 окуу-изилдөө лабораториясы бар, аларда студенттер лабораториялык иштерди жүргүзүүгө гана эмес, илимий-изилдөө көндүмдөрүн да өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, кафедрада адамдын организминин өзгөрүп жаткан айлана-чөйрөнүн шарттарында адаптациялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө багытталган «Жаш физиолог» студенттик илимий ийрими уюштурулган. Кафедра студенттердин ЭАЖММдин окуу процессине ийгиликтүү жана тез адаптацияланышына колдоо көрсөтүү максатында жигердүү куратордук иштерди жүргүзүүдө.

Биздин ишибиздин негизги принциптери кесипкөйлүк, жоопкерчилик, максаттарга умтулуу менен үзгүлтүксүз өнүгүү болуп саналат.