ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Билим сапатын башкаруу бѳлүмү 2017-жылы ректордун буйругу менен түзүлгѳн.

Негизги максаты: билим сапатынын менеджмент системасын иштеп чыгуу, киргизүү, колдоо жана мыктылоо болуп саналат. Билим берүү сапатын башкаруу бѳлүмү ЭАЖММдын ректоруна баш ийет.

БСББ билим берүү кызматтарынын сапатын башкаруу боюнча ЭАЖММдын бөлүмдөрүнүн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт.

БСББ төмөнкү тапшырмаларды аткарат:

  • Сапатты башкаруу тутумунун документтерин иштеп чыгуу;
  • ЭАЖММде билим сапатын баалоо жана мониторинг үчүн зарыл болгон баалоо инструменттерин жана технологияларын ѳнүктүрүүгѳ көмөктөшүү;
  • ЭАЖММдын түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте көйгөйлүү аймактарды аныктоо жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүү;
  • Окумуштуулар кеңешинин жана окуу-усулдук кеңештин чечимдеринин, сапат маселелери боюнча ректордун буйруктарынын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ.