ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ГИСТОЛОГИЯ

 

Гистология цитология жана эмбриология менен бирдикте медициналык-биологиялык илимдер тутумунда милдеттүү жана олуттуу звено болуп, келечектеги дарыгерди даярдоо базасында фундаменталдуу теоретикалык билимди жана белгилүү практикалык кѳндүмдѳрдү камсыздайт.

 

Гистология жана цитология азыркы таптагы медициналык билим берүүдѳгү олутту бир бѳлүгү болуп саналат. Цитология жана жалпы гистология курсунда ткандардын жана клеткалардын структурасы жана ишмердүүлүгү боюнча алган билимдери, кийинки жеке гистология курсун ѳздѳштүрүүдѳ абдан маанилүү зарылдык. Алар башка фундаменталдуу медициналык-биологиялык дисциплиналарды (физиология, биохимия, патологиялык физиология, патологиялык анатомия, иммунология) үйрѳнүүгѳ негиз болуп берет.
 
Ошону менен бирге оорулардын пайда болуу жолдорун жана механизмин себептерин билүү чоң деңгээлде гистологиянын, клетканын ультраструктурасын жана биологиясын билүүгѳ негизделет. Ошондуктан клеткалардын структуралык функционалдык уюшушу, адамдын органынын жана клеткасы жѳнүндѳ туура түшүнүк, ошондой эле олуттуу биологиялык процесстердин механизмдеринин катышуусунда адамдын ооруларынын патогенезин жана морфогенезин түшүнүүгѳ негиз болуп берет. Муну менен гистология жана цитология клиникалык дисциплиналарды ийгиликтүү ѳздѳштүрүүгѳ керектүү база болуп жана интегративдик илимдин ролун ойноп, медициналык-биологиялык жана клиникалык дисциплиналардын ортосунда байланышты аткарып, дарыгерлик ойлонуунун түзүлүшүн шарттайт.

 

Жалпы түйшүгү: 8 кредит (288 саат)

Аудитордук сабактар: 180 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 108 саат

Семестр: 1,2,4,5 саат

Жыйынтык текшерүү: экзамен