Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

УЛУТТУК ТАРЫХ

Студенттерге окутулуучу милдеттүү сабактардын тизмесине өз өлкөсүнүн тарыхы сыяктуу илимий дисциплинанын киргизилиши Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы талаптарына жооп берет. Бул дисциплинаны окутуунун максаты - Кыргыз Республикасынын тарыхый өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде экономикалык, саясий жана маданий аспектилерин түшүнүү менен студенттердин жергиликтүү чөйрөгө ыкчам жана көбүрөөк органикалык аралашуусуна, алган билимин практикада ийгиликтүү колдонууга жана окуу процессинде көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк берүү.

Коомдун өнүгүшүн жана тарыхтын негизги мыйзамдарын толук түшүнүү салттуу түрдө окутуунун жана адистештирүүнүн багытына карабастан ар кандай билим берүүнүн компоненти болуп эсептелет. Студенттер өз тармагында тереңирээк изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн ѳткѳн замандын улуу дарыгерлеринин мисалын колдонуу менен заманбап жашоонун бардык чөйрөлөрүндө энциклопедиялык билимге умтулуу зарылдыгын түшүнүшөт.

Жалпы медицина тармагындагы адистештирилип жаткан студенттер үчүн.

  • Жалпы түйшүгү: 2 кредит (72 саат)
  • Аудитордук сабактар: 36 саат
  • Студенттердин ѳз алдынча иши: 36 саат
  • Семестр: 2
  • Жыйынтык кѳзѳмѳл: 2 семестр-зачёт
  • 10 семестр- гос.экзамен