Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

НУР АНЫКТООСУ ЖАНА ТЕРАПИЯ

 

Нур аныктоосу клиникалык медицинанын маанилүү аймагы болуу менен инвазивдик эмес жана минималдуу инвазивдик усулдар менен ар кандай нурлануунун турлѳрүн колдонуу менен, күчтүү магниттик талаа жана ультра үндүү толкундар менен ооруну табууга мүкүнчүлүк берип, ошондой эле алардын жардамы менен ылайыктуу таасирденүүсү боюнча терапевтикалык иш-чараларды жүргүзүү мүмкүн. Заманбап нур аныктоосу – бул динамикалуу ѳнүккѳн адистик болуу менен физика жана компьютердик технология тармагындагы прогресс менен байланыштуу. Нур усулдары-патологиялык процесстин мүнѳзүн баалого жана аны коррекциялоодо усулду тандоого мүмкүнчүлүк берген медицинадагы объективдүү аныктоо усулдары. Нур аныктоосунун негиздерин билүү студенттер үчүн зарыл, бул усулдардын физикалык жаратылышын билүү үчүн, кѳрүнүштү калыптандыруу принциптери, ар бир усулдун мүмкүнчүлүктѳрүн жана чектерин ошондой эле ар кандай патологиялык абалга алардын арасынан артыкчылыктуусун тандап алууну үйрѳнүүсүндѳ.

 

Нур изилдѳѳлѳрүнүн усулдары клиникалык практика үчүн ѳтѳ маанилүү. Симптом жана синдромдор боюнча билими нур аныктоосунун жыйынтыгы боюнча табылган патологиялык процесстерди жалпы түшүнүүнү калыптандыруу боюнча, оорунун аныктамасын коюуда жана саламаттык кѳйгѳйү боюнча дифференциалдык аныктаманы коюуда зарыл.

 

Нур терапиясы кең медициналык радиологиянын жана клиникалык онкологиянын жана (радиациялык онкологиянын) бѳлүгү болуп саналып, иондошкон нурлануу дарылоо усулу катары колдонулган жерде, эң башкысы залалдуу жаңы башталган ооруларда колдонулат.

 

Кѳрсѳткүчтѳргѳ жараша нур терапиясы ѳзүнчѳ колдонулат ( жалгыз дарылоо усулу катары) же комплекстте бириктирилген, ар тараптуу же мультимодалдык дарылоонунун усулу катары колдонулат.

 

«Жалпы медицина» адистигинин студенттери үчүн

Жалпы жүктѳмдүн сааты: 4 кредит (144 саат)

Аудитордук сабактар: 78 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 66 саат

Семестр: 3, 4, 5, 8 саат

Жыйынтык текшерүү: зачет