Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

БАЛДАР ЖУГУШТУУ ООРУЛАРЫ

 

Балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын милдети заманбап усулдардын божомолун билген, жаш ѳзгѳчѳлүгүнѳ жараша анатомиялык-физиологиялык ѳзгѳчѳлүктѳрүн жана жашоосунун ар кандай учурунда иммундук реактивдүүлүгүн билүү менен балдардын жугуштуу ооруларын алдын-алуу жана дарылоону билген дарыгерлерди даярдоо.

 

Балдардын жугуштуу ооруларын үйрѳнүү балдардын кѳп тараган жугуштуу ооруларын камтуу менен алардын типтүү пайда болушун, клиникалык формаларынын квалификациясын, калтырылбас синдромдорун, зарыл заманбап усулдар божомолун, жугуштуу оорулардын дарылоо принциптеринин негизинде үйдѳ жана стационарда дарылоо жана клиникалык изилдѳѳ жүргүзүүнү камтыйт. Балдардын жугуштуу ооруларын үйрѳнүүдѳ жугуштуу оорулар менен ооругандардын эсебин жүргүзүүнү уюштурууга жана госпиталга жаткыруу шартын түзүү, ички жугуштуу оорулардын профилактикасы, жугуштуу оорулардын спецификалык профилактикасы жана байланышкан жактарды кѳзѳмѳлдѳѳгѳ кѳңүл буруу зарыл.

 

Практикалык сабактарда угуучулар жугуштуу оорулар менен ооруган балдарга оорунун божомолун коюуну жана дарылоодогу зарыл болгон кѳндүмдѳргѳ ээ болушу милдеттүү. Окутуу процессинде кѳп сандаган, балдардын жугуштуу ооруларынын ар түрдүү формаларын, сыркоолорго ырааттуу анализдѳѳ менен байкоо жүргүзүүнү кѳрсѳтүү зарыл.

 

Жалпы медицина адистигинин студенттери үчүн

Жалпы түйшүгү: 4 кредит (144 саат)

Аудитордук сабактар: 72 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 72 саат

Семестр: 9 саат

Жыйынтык текшерүү: экзамен