Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ХИМИЯ (ЖАЛПЫ ЖАНА БИООРГАНИКАЛЫК ХИМИЯ)

 

Жогорку медициналык билим берүү тутумунда химия жалпы илимий сабак катары маанилүү орунду ээлейт. Химия курсу студенттерге кийинки базалык жана атайын сабактар ​​боюнча, ошондой эле практикалык иш-аракеттер үчүн билим жана көндүмдөрдү берүү үчүн иштелип чыккан. Анын курамына изилдөөнүн теориялык негизи болгон кыйла толук жана тереңдетип изилдѳѳгѳ негиз болгон биохимия, фармакогнозия, фармакология ошондой эле медицинада колдонулган көптөгөн физикалык-химиялык изилдөөлөрдүн усулдары кирет.

 

Организмдин оорулары молекулалардын өз ара аракеттенишинин бузулушу, молекулалардын курамындагы жана структурасындагы өзгөрүүлөрдүн көз карашынан каралат.  Мүчөлөрдөгү, ткандардагы, клеткалардагы эң татаал биохимиялык өз ара аракеттешүүнү түшүнүү үчүн биринчи кезекте химиянын жалпы теориялык негиздерин түшүнүү керек. Бул этапта көмүртек атомунун электрондук түзүлүшү, химиялык байланыштын пайда болушунун механизмдери, организмдердин органикалык молекулалардагы атомдордун өз ара таасири, жашоодо маанилүү ролду ойногон айрым гетероциклдүү жана гетерофункционалдык бирикмелердин түзүлүшү жана касиеттери фундаменталдуу болуп саналат. Мындан тышкары, илимде азыркы медицинанын теориялык негизи болгон молекулярдык биология, кванттык биохимия, молекулярдык генетика, биофизикалык химия сыяктуу тармактардын пайда болушу атомдун жана молекулалардын теориялык түзүлүшүн билүүдѳ, механизм жана химиялык реакциялардын кинетикасын, катализ, химиялык термодинамиканын бекем теориялык түзүлүшүн билүүнү талап кылат жана бул медик-студенттерди окутуу программасында да чагылдырылган.

 

Жалпы медицина адистигинин студенттери үчүн

Жалпы түйшүгү: 3 кредит (108 саат)

Аудитордук сабактар: 54 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 54 саат

Семестр: 1

Жыйынтык кѳзѳмѳл: сынак