НЕВРОЛОГИЯ ЖАНА НЕЙРОХИРУРГИЯ
Бул программа жогорку медициналык окуу жайлардын студенттерине негизделген. Анын негизги максаты студенттер медициналык изилдѳѳдѳ бейтаптын ѳзүнчѳ бѳлүнүп чыккан илдеттин симптомдордун жана андан ары синдромдорду группаларга бѳлүүгѳ жана топикалык илдеттенишинин деңгээлин аныктоо усулдарын билиши, бул неврологиядагы колдонулган заманбап аныктоонун усулдары менен илдеттин деңгээлин салыштырууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары программа клиниканын абдан олуттуу аспектилерин, заманбап аныктоонун усулдарын, нерв тутумунун ооруларын алдын-алууну жана дарылоону үйрѳнүүгѳ мүмкүнчүлүк берет.
Практикалык сабактарда изилдѳѳнүн кѳндүмдѳрүн ѳѳрчүтүүгѳ, актуалдуу жана клиникалык аныктоо койгонду, дарылоону дайындоого ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулушу керек. Клиникалык сыноодо убактылуу жана дайымкы эмгек ишмердүүлүгүн жоготуусуна, ошондой эле нерв тутуму дарттанган бейтаптарды жумушка орноштурууга ѳзгѳчѳ кѳңүл булушу зарыл.
«Нерв тутуму» курсун окууда негизги окутуунун усулдарын колдонуу зарыл: студенттердин дарстардагы жана практикалык сабактардагы иштери, кѳрсѳтмѳ куралдар менен иштѳѳ, жолдорун тартуу, бейтаптардын ар кандай симптомдору жана синдромдору менен изилдѳѳ, оорунун тарыхын коргоо, курстун ѳзүнчѳ бир бѳлүмдѳрүн маалымдама жана монографиялар боюнча тереңдеп окуу.
Жалпы түйшүгү: 5 кредит (180 саат)
Аудитордук сабактар: 102 саат
Студенттердин ѳз алдынча иши: 78 саат
Семестр: 5, 8 саат
Жыйынтык текшерүү: экзамен