НЕРВ ТУТУМУНУН МОДУЛУ
«Нерв тутуму» модулун окутуу процессинде студенттер нерв тутумунун морфофункционалдык негиздери боюнча билимдерин ѳнүктүрүшѳт жана неврологиялык бузулууларда патогенетикалык механизмдердин ѳѳрчүшүн жана нерв тутумунун дарттанышында топикалык аныктоону коюунун кѳндүмдѳрүнѳ ээ болушат. Морфологиялык жана клиникалык илимдердин үзгүлтүксүз байланышын түзүү жолу менен жалпы медициналык билим берүү тутумунун биомедициналык жана клиникалык дисциплиналарынын туурасынан келген интеграцияны камсыздоо менен билимдердин түзүлүшү, билгичтик жана кѳндүмдѳр нерв тутумунун модуль түрүндѳ үйрѳнүүдѳ абдан зарыл.
Алган билимдерди жана билгичтикти студенттер кийин клиникалык неврологияны, ички жана балдар ооруларында, үй-бүлѳлүк медицинада колдонушуп, муну менен тикелей дисциплиналардын интергациясын камсыздоону шартайт.
Жалпы түйшүгү: 5,5 кредит (198 саат)
Аудитордук сабактар: 118 саат
Студенттердин ѳз алдынча иши: 80 саат
Семестр: 5 саат
Жыйынтык текшерүү: экзамен