ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ДЕМ АЛУУ ОРГАНЫНЫН ТУТУМУ

 

Бул программа жогорку медициналык билим берүү мекемелеринин студенттерине арналган. Анын негизги милдети - студенттер тарабынан бейтаптын клиникалык симптомдорун жана дем алуу тутумунун патологиясынын синдромдорун өзүнчө факторлор катары бөлүп алуу менен клиникалык жана физикалык текшерүү усулдарын иштеп чыгуу, андан кийин изилдөө учурунда алынган маалыматтарды чечмелөө. Практикалык сабактарда бейтапты клиникалык жана физикалык текшерүү көндүмдөрүн мыктылоого, ошондой эле атайын текшерүү усулдарынын (лабораториялык, биохимиялык, инструменталдык) натыйжаларын чечмелөөгө өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле, студенттердин келечектеги адис катары даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн алардын клиникалык ой жүгүртүүсүн жана туруктуу өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн калыптандырууга чоң көңүл буруу керек.

 

Дисциплинаны изилдөө усулдарына төмөнкүлөр кирет:

1. Студенттерди дарстарда жана практикалык сабактарда окутуу

2. Плакаттар, схемалар жана таблицалар менен иштѳѳ.

3. Дем алуу органдары жабыркаган бейтаптарды изилдѳѳ.

4. Сунуш кылынган окуу китептериндеги жана монографиялардагы жеке темаларды жекече изилдөө.

 

Дисциплинанын жалпы түйшүгү: 1 кредит (36 саат)

Семестр: 4

Аудитордук сабактар: 18 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 18 саат

Жыйынтык кѳзѳмѳл: сынак