ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

УРОЛОГИЯ

 

Эл аралык жогорку медициналык мектептин жалпы медицина факультетинде урологияны ѳтүүдѳ келечектеги жалпы практиканын дарыгерлерин даярдоого багытталып, негизги урологиялык дарттарга алдын-ала дарт атын койгонду, урологиялык бейтаптын андан-ары алып барууда тактиканы иштеп чыгууну, дифференциалдык диагнозду аныктоодо аларды кесипкѳйлүүлүккѳ даярдоо. Жалпы практиканын дарыгери чукул урологиялык кырдаалдарда кандай аракеттер жасалышы керектигин билиши зарыл, бѳйрѳктүн сайгылашуусу, зааранын чыкпай калышы, анурия ж.б.у.с. бул бейтаптарга биринчи жардам берүү учурунда компетенттүүлүгү милдеттендирилет.

 

Студенттердин теоретикалык жана клиникалык кафедралардан алган билимдери урологияны окутууда кѳнүл бурулат. Анатомия жана бѳйрѳктүн физиологиясы, заара чыгаруу жолдору жана эркектердин жыныс органдары жѳнүндѳ маалыматтар клиникалык кѳз караш менен жалпыланат жана бааланат. Терапевтикалык бѳйрѳк дарттары жана алардын натыйжасы жаңы
кѳз караш менен бааланат.

 

Студенттер үчүн заара-жыныс системасынын аномалиясын үйрѳтүүнүн чоң мааниси бар, аларды эрте табуу жана ѳз убагында дарылоо божомол берүүдѳ чечүүчү мааниге ээ болот.

 

Жалпы түйшүгү: 2 кредит (36 саат)

Аудитордук : 37 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 34 саат

Семестр: 5.7

Жыйынтык текшерүү: зачет